Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Кыргызстанда бай-кедей ортосундагы ажырым тереңдедиби?

0
Кыргызстанда бай-кедей ортосундагы ажырым тереңдедиби?

Соңку жылдарда Кыргызстанда калктын эң бай жана эң жакыр катмардын ортосундагы айырма азайып бараткан эле. Бирок каатчылык мезгилдерде боло келгендей эле, пандемия убагында теңсиздик кайра күчөдү. Азыр калктын баардык кирешелеринин дээрлик тең жарымы 20 пайызды түзгөн байлардын колуна топтолгон.

“Он жылга артка кетебиз”

Улуттук статкомдун адистери жүргүзгөн иргеме иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2021-жылы калктын акчалай кирешеси жалпысынан 542 млрд. сомду түзгөн. Айына бөлгөндө - киши башына 6 267 сом туура келет. Бул көрсөткүчтү кайсыл бир жумушта иштеген жарандар гана ала турган орточо маяна менен чаташтырбоо керек. Акчалай киреше дегенде айлык акыны эле эмес, баардык тургундардын алган жалпы кирешесин айтабыз.

Ар кайсы катмарлардын кирешесиндеги ажырымды аныктоо үчүн статистиктер калкты квинтилдик коэффициент боюнча беш топко бөлүшөт. Биринчи топко тургундардын эң аз кирешелүү 20%, бешинчиге – эң көп кирешелүү 20% кирет.

2020-жылы эң бай катмар жалпы калктын болгон кирешесинин 41,6 пайызын алган. 2021-жылы бул көрсөткүч 43,9% жетти.

 

“Ажырымдын тереңдешине коронавирус пандемиясы өтө чоң таасирин тийгизди. Анткени калктын бейформал жумуш секторундагы бөлүгү, б.а. убактылуу иштегендиктен туруктуу кирешеге ээ болбогондор жабыркады”, - деп түшүндүрдү жагдайды “Азаттыктын” кабарчысына социология илимдеринин кандидаты Самар Сыргабаев.

Бир караганда аз эле өзгөрүү коомдогу теңсиздиктин өсүшүнө кыйла катуу таасир этет. 2020-жылы эле Кыргызстанда жакырчылык 20,1 пайыздан 25,3% өсүп кетти. 2021- 2022-жылдар боюнча маалыматтар азырынча тактала элек. Бирок эксперттер кырдаал огобетер оорлойт деп болжоп жатат.

"Кыргызстандын ар төртүнчү тургуну жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде жашайт. 2022-жылдын аягына чейин инфляциянын айынан мындай адамдардын катышы 35 же атүгүл 38% чоңоюп кетиши ыктымал”, - деп эскертти БУУнун жакырчылык маселелери боюнча баяндамачысы Оливье де Шуттер. Анын сөзүнө караганда, бул жагдайдан улам өлкөнүн өсүү абалы он жылга артка сүрүлүп калат.

Кыргызстанда жакырчылык деңгээли региондо жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогору бойдон калууда. Салыштырып карасак, кошуна Казакстанда расмий маалыматтарга ылайык, калктын 5,3% гана кедей болуп саналат.

 

Кыргызстандын кээ бир аймактарында жакырчылык айрыкча оор. Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында калктын 35% жакырчылык чегинен төмөн деӊгээлде жашайт.

Элеттиктердин абалына өзгөчө көӊүл буруу керек – бул жакта жакырчылык деӊгээли (29,3%) шаардагыдан (18,3%) алда канча жогору. Бүткүл дүйнөдөгү шаарлашуу агымы күчөп жатса да, Кыргызстандын калкынын үчтөн экиси дагы эле айылда жашайт. 2020-жылы 1 млн. 678 миӊ киши жакырчылык чегинен төмөн деӊгээлде болгон, мунун 73,7% – элеттиктер.

“Коомдо жарылуу болушу ыктымал”

Улуттук статкомдун маалыматтары ар кайсы топтордун кирешесиндеги айырманы гана көрсөтөт, бирок калктын катмарларынын макамын так аныктоо үчүн бул жетишсиздик кылат. Мисалы, кимдерди ортоӊку катмарга кошуу керектигин аныктаган улуттук стандарт жок. Бул темада тереӊ изилдөөлөр жүргүзүлбөгөн, ошондуктан атүгүл социологдор өздөрү да кыргызстандыктардын кедей, орто жана байлар болуп катмарлашуусун, ар бири калктын канчалык бөлүгүн түзөрүн даана элестете албайт.

Ошентсе да, коомдо катмарлашуу болуп жаткандыгы көрүнүп турат дейт социолог Самар Сыргабаев. Байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым азырынча өтө тереӊдеп кете элек, бирок жашоо деңгээлиндеги айырманын чоңоюп бараткандыгына өзгөчө көңүл буруу зарыл, анткени мунун кесепети жаман деп эскертет адис:

"Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алганда, мунун кесепети оор. Бай жана кедей катмарлар ортосундагы ажырым тереңдеп, алардын мамилесин жумшарткыдай ортоңку катмар жок болгон шартта бул өтө кооптуу. Мындай коомдо саясий каатчылык, революция же жарандык каршылык болуп, саясий каатчылык жоюлбайт. Ошондуктан жалпы өнүгүү нугунда биздин коомдогу ортоңку катмардын калыптануусуна кам көрүү зарыл".

Бирок коомдун катмарлашуусу дүйнөлүк деӊгээлде болууда дейт социолог. Баардык өлкөлөрдө бай жана кедей таптар бар. Скандинавия жана Батыш Европадагы башка өлкөлөр Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жалпы байгерлик мамлекети деген ураанды жар салышкан, алар азыркыга чейин социал-демократизм саясатын жүргүзүп келишет. Бирок баары бир алар базар экономикасы жана капиталисттик мамилелер менен жашайт. Капиталисттик коомдо таптар жок, коом бир кылка болушу дегеле мүмкүн эмес.

Дүйнөдө адилеттик жок, кирешелер эч качан бирдей бөлүштүрүлбөйт деди ишкер Данияр Аманалиев “Медиа Топтоо-2022” форумунда. Ал адамдардын 10 % дүйнө калкынын кирешесинин 52 пайызына ээлик кылат, а калктын теӊ жарымы кирешенин 8,5% гана алат деген статистикалык эсепти келтирди.

“Бирок бул акча агымы гана. Эгер байлык, мүлк, активдер жөнүндө сөз кылсак, анда дүйнөдөгү 10% түзгөн эң бай адамдар болгон байлыктын 76% кармап турат. Акчага сатылгыдай нерселердин баарынын 76% адамдардын 10% гана таандык. А жалпы калктын 50% дүйнөдөгү байлыктын 2% гана ээлейт. Кыргызстанды эске алсак, калктын көпчүлүк бөлүгү кыйла төмөндө турат. Биз дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн катарындабыз, ошондуктан кескин өсүшкө муктажбыз”, - деп эсептейт Аманалиев.

“Карапайым калайыкка камкордук кылуу керек”

Өлкө жетекчилери калктын байгерлиги тууралуу сөз болгондо бюджеттен айлык алуучулардын маянасын, ошондой эле пенсия жана жөлөкпулдарды көтөрүү жөнүндө көп айтышат. Мисалы, апрелде Министрлер кабинети бюджеттеги кызматкерлердин эмгек акысы “эң чоӊ өлчөмдө” көтөрүлөрүн билдирди. Бул багытка бюджеттен 26 млрд. сом кошумча иретинде бөлүндү. Минкаб башчысы Акылбек Жапаров жыл сайын мугалимдер менен догдурлардын айлыгын 20% көтөрүп турууну убада кылды. Октябрда пенсиялар сезилерлик өлчөмдө жогорулайт деп күтүшүүдө.

“Мамлекеттин экономикалык саясаттагы башкы максаты калктын байгерлигин жогорулатуу болууга тийиш, - дейт Самар Сыргабаев. – Бирок мамлекет ортоңку тапты калыптандыруу керектигин атайын максат кылганын уга элекмин”.

Ошентсе да, 2021-жылдын аягында президент Садыр Жапаров бийликтин саясаты жакырлардын санын азайтып, ортоңку катмарды калыңдатууга багытталышы керек деген эле.

“Биз көп сандаган жөнөкөй адамдарга жардам берүүнү каалайбыз. Биздин максат - өлкөдө байгер жашаган адамдардын санын арттыруу”.

Бул максатка жетишүү үчүн калктын эң аялуу катмарларын даректүү колдоого басым жасалды деген эле президент.

Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программа боюнча Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү аяктаган кезде жакырчылык деңгээли кайрадан пандемияга чейинки, 2019-жылдагы болгондо 20% кыскартылууга тийиш.





Губернаторы России
Москва

Собянин принял решение увеличить фонд грантов одаренным учащимся школ искусств





Москва

Озоновые Дыры: Вызов современности, Взгляд Романа Терещенко


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Певец Юрий Лоза обвинил в убийстве Владислава Листьева «финансовых воротил»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Монсон заявил, что его спортивная карьера практически завершена

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г


WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Концерт

Концерт "Две музы"



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России