Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

"Бул жашоомо жалаң сүйүү тиленгем..." Өмүрдөн эрте кеткен Кадырбек

0

24 жашында оорунун айынан акка моюн сунган Кадырбек Аблабеков адабиятка бармактайынан аралашкан, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш акын эле. Жакындары Кадырбек оорудан каза тапканын 23-октябрда билдирди. Ага 2021-жылы курч мүнөздөгү лейкемия деген диагноз коюлган.

Кадырбек эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын алдында түзүлгөн​ “Жаңы толкун” адабий ийримин 2017-жылдан бери жетектеп жүргөн.

“Клубдун борбордогу ар бир чогулушуна Токмоктон келип турчу. Анан өзүнүн мектебине жаш акындарды алып барып да ыр кечелерди уюштурчу. Окууну бүткөндөн кийин да биздин ар бир иш-чараларыбыз Кадырбексиз өтчү эмес. Мээнеткеч бала эле. Биз анын чыгармачылыкка болгон ынтызаарлыгын, жоопкерчилигин эске алып “Жаңы толкун” адабий клубуна жетекчи кылып дайындаганбыз. Акыркы эки жыл ичинде ырлары башка нукка өтүп, өнүктү эле. Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков менен тыгыз байланышып, андан да бир топ таасирлерди алды окшойт. Маселен, "Менин атымды унутсаңар, ак сүйүүнүн пайгамбары" дегиле деген саптары бар мыкты ырды жазды. Айтор калыптанган акындардай күтүлбөгөн саптарды жазып калган эле”,-деп эскерди "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын жетекчиси Нурбек Маамытбаев.

Кадырбектин ырлары гезит-журналдарда, басма сөз беттеринде жарыяланып, 2018-жылы Кыргызпатент мамлекеттик мекемесинин "Жети жаш автор" долбоорунун алкагында "Аскердеги толгонуу" аттуу китеби жарык көргөн.

"Бизди ыр дүйнөсү бириктирген..."

Кадырбек акыркы кездери котормого кызыгып, бул тармакка баш-оту менен киришкен эле дейт жубайы Жыпар Кутпидинова.

Жыпара дагы ыр жазат. Экөөнү дал ушул ыр дүйнөсү бириктирген.

“Акыркы эки жылга жакын убакыт Кытайлык казак акыны Дүйсенали Алимакындын ырларын которду. Ушул эмгегин китеп кылып чыгарам деп жүргөн. Бардык жакындарынан, калемдештеринен кеңеш сурап жүрдү. Ошону чыгаргандан кийин анан экөөбүздүн китепти бирге чыгарам деп жаткан. Экөөбүздүн балалык аруу сезимдерибиз ырда калсын дечү. Кадырбек ыр жазуудан сырткары элге чын дилинен кызмат кылууну сүйчү эле. Кыйналып турган элдин абалына кадыресе кейичү. Мен болсо алгач үй-бүлөңдү, анан элди ойлосоң боло десем, “эл жакшы турмушта жашаса биз да бактылуу болобуз” деп койчу эле. Акыркы кезде оорусу күчөп ооруканада жатса да “ушинтип ооруп жаткандан көрө Баткенде жүрсөм эмне деп калчу. Артында туяк калды. Ал атасына куюп койгондой окшош. Эми анын ишке ашпай калган кыялын орундатып, экөөбүздүн китебибизди чыгарам”.

Кадырбек которгон Дүйсенали Алимакындын саптары:

Коштошуп кетип барат ал,

Жүрөгү көктөм, жаны кыш.

Аны алып кетти кара жол,

Мени алып кетти сагыныч.

Сөзүмө менин бүлүнүп,

Санааркап дагы жүдөгөн,

Аны алып кетти бир үмүт,

Мени алып кетти бир өлөң.

Сагыныч катым саргайды,

Жан барбы ырым укканга?

Сырымды айттым ал жайлуу

Кеч күздө кайткан куштарга.

Өрттөдү муңу өрттөдү,

Бардыгын таштап ал сулуу.

Мени алып кетти эртеңим

Аны алып кетти тагдыры.

Парадокс

Шаттыгыңды күлүп турган Күн деймин,

Жок күнүңдү жылдызы өлгөн Түн деймин.

Сени аярга мен бар экем жалганда

Мени аярга ким бар деги, билбеймин.

Эми эч качан жыгылбайм түк, сүйөсөң.

Жанарыма жалгыз ирет түнө, сен.

Сени ойлоого эрктүү жүрөк менде бар,

Мени ойлоочу жүрөк кимде жүр экен?

Тынчтык таппай көңүл кургур ээликкен,

Сени издейт, көчөлөрдөн, көлүктөн.

Сага роза суна турган мен бармын,

Мага эч ким гүл бербейт ээх, неликтен?

Көз алдыңда барбы жаркын элесим…

Мен тууралуу не билесиң, сен өзү?

Сага арнап карга сонет жазамын,

Мага эч ким ыр жазбайт ал эмнеси?

Жаш калемгер 2016-жылы жаш акындар арасындагы республикалык "Таттыбүбү кыргыз поэзиясында" аттуу сынактын жеңүүчүсү, Түрксой эл аралык уюму уюштурган "Беш акын" теледолбоорунун жеңүүчүсү, жаш акындардын республикалык "Жылдыздуу жээк" фестивалынын финалисти, ж.б. бир катар кароо сынактардын байгелүү орундарга ээ болгон.

Өзү теңдүү замандаштарынан турмуш шарына эрте аралашканы, ой-жүгүртүүсү, аракетчилдиги менен айырмаланып турган Кадырбек Аблабеков 2016 - 2017- жылдары Улуттук Гвардияда мөөнөттөгү аскердик кызматын өтөгөн.

Жакындарынын айтымында, ал чыгармачылыктан сырткары коомдук иштерге да окуучу кезинен эле активдүү аралашып келген.

Жаш калемгерлер арасында төбөсү көрүнгөн Кадырбекти социалдык тармакта да калемдештери, ыр ышкыбоздору эскерип жатат. Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баштаган улуу муундагы акын агалары андан келечекте чоң талант чыкмак деген өкүнүчүн жазууда.

Жакын арада Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынын кийин Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмү, "Нуркелди" курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен "Чек арачыга даңк" аттуу ыр сынак өткөргөн. 27-октябрда сынактын жыйынтыгы чыгып, Кадырбек Аблабеков "Биздин жол" ыры менен 3-орунга ээ болгон. Тилекке каршы, жаш талант сыйлыкты өз колу менен алууга үлгүрбөй калды.

Биздин жол

Колдо курал, жондо милдет, жол узак,

Ата - энеге сагынычтуу ой узап,

Басчу жолун басып бүтсө эскилер

Ар намыстуу жаштар сапка кошулат.

Биз жоокерлер сапка туруп ар таңда,

Ала Тоону даңктап обон салганда,

Коштоосунда мамлекеттик гимндин

Кызыл желек көтөрүлөт асманга.

Командирдин буйруктарын так, анык,

Роталарга бөлүштүрүп такталып,

Сыймык менен тапшырманы жасайбыз

Так жана эң туура кылып аткарып.

Эне сүтүн элди коргоп төлөйбүз,

Төлөдүк биз кутулдук да дебейбиз,

Мекеним тынч ошон үчүн ар таңда

Улуу жолго ырдап алып жөнөйбүз.

Колдо курал, жондо милдет, узун жол,

Биз тандаган эң Улуу жол, ушул жол.

Ак сүйүүнүн пайгамбары дегиле

Рухум жерге түшкүчөктү жан тынбай,

Бул жашоомо жалаң сүйүү тиленгем,

Жаным сүйүү, Кудай мени ал тургай

Ак сүйүүнү башкарсын деп жиберген.

Ак өргөөмө сүйүү түшөт булуттан,

Сезим агат үйүмдөн түз көрүмө.

Атам койгон атымды эгер унутсаң,

Ак сүйүүнүн пайгамбары дегиле.

Жашоодогу бар милдетим мендеги –

Сүйүү чачам көк асмандан эселеп.

Мен өлгөндө анык сүйүү жердеги

Мени менен кошо кетет, кошо өлөт.

Экөөбүз

Жүрөгүңдүн бир мен деп кагышы чын,

Мендик жүрөк бир сен деп кагат улам.

Биз экөөбүз кезигип калыш үчүн,

Ушул калаа ушундай жаратылган.

Жалгыз жүргөн жаныма жолдошсуң төп,

Махабаттын талыбас канатыбыз.

Экөөбүздүн сүйүүгө көрк кошсун деп,

Жаратылган кооз болуп жаратылыш.

Шамал болот сезимдер ыргалсын деп,

Ырлар жазып сүйөм деп сыр билгиздим.

Сүйүүбүздү даңкталсын, ырдалсын деп,

Керемет бар үнүндө булбул куштун.

Кажети жок айтуунун ашыкмын деп,

Сүйүү үчүн жамгыр жаайт тээ төбөңдө.

Адашканда кайра эле табышсын деп

Жаратылган жер шары тегеренме.

Экөөбүз деп нур чачат тушумдан күн,

Аалам дагы баш ийет бул сүйүүгө.

Экөөбүздүн сүйүүбүз үчүн балким,

Ушул жашоо жаралган, ушул дүйнө.

Кадырбек сыркоолоп жүргөн күндөрү да калемин таштап койбой ыр түйшүгү менен алек болгонун төмөнкү ырынан байкоого болот:

Ажалга

Чыңгыз Хандын, Искендердин ал тургай

Пайгамбарлар жанын алган, сен ушу,

Эзелтеден сен аркылуу аяктайт,

Өлбөстүктүн өлүм менен тиреши.

Ажал, билем ай ааламды айланып,

Мага дагы кезигесиң бир күнү.

Керек болсо азыр келсең дайынмын,

Мени азгырбайт кызык күндөр түркүнү.

Ажал келип алар болсоң жанымды,

Кетер алдын Жараткандын алдына,

Коркпойм, бирок ичте болот бир сезим,

Аёо сезим карап алып артыма.

Ошол аёо агасы өткөн иниме,

Балдарыма алып жүргөн канымды,

Аяйм дагы сырдаш, муңдаш көптөрдү -

Ага тууган, курбу курдаш, жарымды.

Ажал, келсең жетектетпейм жүргүн деп,

Баш көтөрүп барам Кудай алдына,

Дагы жашайм деп суранбайм, өмүрдүн

Азбы көппү жок го мында айырма.

"Мени аябагылачы, мен айгып калдым..."

Филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева Кадырбек жетектеген “Жаңы толкун” адабий клубуна былтыр бир канча ирет семинар өткөргөн. Ал ошондо эле Кадырбек улам жаңы нерсени билүүгө умтулган дилгирлиги менен көзгө урунган дейт.

"Бардык эле акын өзүнүн жазган ырын окуй албайт. Ал болсо өз сезимдерин мыкты окуусу менен да жеткире алчу. Айтор, кыргыздын дагы бир бычакка сап, кези келгенде өлкө үчүн жанын үрөп иштей турган эр азаматы экен деп ага чын ыкласымдан көңүлүм жылыды эле. Азыр Кадырбектин элеси көз алдыман кетпей, ичим ачышып, жаш акындын ырларын, котормолорун интернеттен таап окуп олтурам. Кыска өмүрдөгү жылт эткен жылуу көз ирмемдердин баарын сыдыра көз алдымдан кечирдим. Кечээ эле алдыга жакшы максаттарды койгон өмүр турат жалбырттап".

Кадырбек үй-бүлөдө жети бир туугандын ортончусу эле. Бир тууган эжеси Бурулча Керимбекованын айтымында, Кадырбек бардык жакындарына күйүмдүү болчу.

“Кичинесинен эле абдан камкор, токтоо жигит эле. Ата-эне, бир туугандарына абдан күйүмдүү болчу, чоңойгондо да ушул сапатынан жазган жок. Бардык иште акыл калчачу. Адамдан жакшылыкты гана көрө билет эле. Жашоону сүйүп жашады. Окуучу кезинен ыр дүйнөгө аралашты, коомдук иштерде активдүү болду. Аскерге баруусуна ата-энем каршы болсо да, милдетимди өтөйм деп жөнөп кетти. Кызматын өтөгөндөн кийин да окуусун таштап койбой улантты. Ооруп жатканда да сынып калган жок. Аягына чейин күрөштү. Мени аябагылачы, мен айгып калдым мына деп турчу”.

Кадырбек Аблабеков 1998-жылы Кочкор районунун Молдо Кылыч айылында туулган. 2016-жылы Токмоктогу №7 орто мектебин аяктаган.

2021-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин бүтүргөн. Соңку кезде Финансы министрлигинде эмгектенүү менен катар улуттук университеттин магистратурасында билимин улантып жаткан. Артында Баястан аттуу орун басары калды.

Болгону 24 жашында өмүрдөн өткөн Кадырбек 24-октябрда өзү туулган Молдо Кылыч айылында жерге берилди.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Лунный свет в ваших волосах: Как выбрать благоприятные дни для стрижки в мае


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Людвиг ван Бетховен

Миф об отравлении Бетховена свинцом окончательно опровергнут, уровень токсина в крови был недостаточным




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Наталью Круглову назначили на должность псковского городского судьи



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России