Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы азербайжан тилинде жарык көрдү
Азербайжан парламентинин депутаты Жаваншир Фейзиевдин сунушу менен түзүлгөн «Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы» Баку шаарында жарык көрдү. Китептин башкы редактору Жаш түрк тилдүү жазуучулар биримдигинин төрагасы Экбер Кошалы болсо, баш сөзүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Хидает Оручов жана Жаваншир Фейзиевдер жазышты. 40 жашка чейинки 35 калемгердин ыры кирген антология кыргыз акындары Алтынбек Исмаилов... Читать дальше...