12 жылдан бери чыкпай турган томдуктар
Салижан Жигитов адабияттын кайсы салаасына кайрылбасын андан өрнөктүү дегидей иштерди жасап, сөз менен ойду туюнтуунун үлгү болорлук мисалдарын артына калтырып кетти. Анын поэзиядагы, прозадагы, котормодогу, адабият таануу теориясы, сыны жаатындагы эмгектери ушу азыр да кызыгуу менен окулат.