Түндүк Корея спикери баштаган делегация Түштүк Кореяга келет
Түндүк Кореянын (Корея Элдик Демократиялык Республикасынын) парламентинин төрагасы Ким Өң Нам баштаган делегация 9-февралда Сеулга келүүнү пландоодо. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги жекшембиде билдирди. Маалыматка караганда жогорку даражадагы делегация мүчөлөрү үч күн конок болушат. Буга чейин Пхеньян 22 спортчусун Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүүчү Кышкы Олимпиадага жиберген. Оюндар 9-февралда расмий ачылып, 25-февралга чейин созулат. Ал ортодо Сеул боордош эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү көздөөдө. Читать дальше...