Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 21.02.2018

Казактар латын арибине кантип өтүп жатат?

Azattyk.org 

19-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев латын арибине негизделген жаңы алфавитти кайра бекитти. Былтыр октябрь айында расмий кабыл алынган алфавиттин биринчи вариантындагы “апостроф” белгиси эми алынып салынды. Коңшу өлкө 2015-жылга чейин латын арибине толук өтүү максатын койгон.

Германия Орусия менен Иранды Асадга басым жасоого чакырды

Azattyk.org 

Немис бийлиги Орусия менен Иранды Сирия өкмөтүнө баш калаа Дамасктын чет жакасында козголоңчулардын колунда турган райондогу “кыргынды” токтотуу үчүн кысым көргөзүүгө үндөдү. “Гутанын чыгышында ок атышуу токтой турганын Астанада убада кылган Орусия менен Иран кайда?” - деп суроо салды канцлер Ангела Меркелдин басма сөз катчысы Стеффен Сейберт 21-февралда. Немис өкмөтүнүн өкүлү ошондой эле “Сирия режими бул эки өнөктөшүнүн колдоосу жок бүгүнкүдөй абалда болмок эмес” деп белгиледи. Бул арада... Читать дальше...

АКШда баптисттердин атактуу диниятчысы көз жумду

Azattyk.org 

Америкалык христиан евангелисттердин таанымал  диниятчысы, кезинде диний насааттарын 185 өлкөдө окуган Билли Грэм 99 жашында, өзүнүн Түндүк Каролина штатындагы үйүндө көз жумду.  1983-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган Билли Грэмге өлкөнүн эң жогорку жарандык сыйлыгы – Эркиндик медалын ыйгарган. Ал АКШнын бир нече президенти, анын ичинде Дуайт Эйзенхауэр, Ричард Никсон менен жакшы мамиледе болгон. Баптисттердин мурдагы пасторунун диний насааттарын дүйнө боюнча 215 миллион адам өз оозунан укканы эсептелген. Читать дальше...



Депутаттын камалышы бийликке көлөкөбү?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутатынын Казакстанда кармалышы коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. =Депутат жана аны менен кошо кармалган эки кыргызстандык жаран коңшу өлкөдө "ири өлчөмдө аткезчилик кылган жана трансулуттук кылмыш тобуна тиешеси болгон" деп айыпталууда. Бул окуянын төркүнү эмнеде жана ал эки өлкө ортосундагы мамилеге кандай тааасир этиши ыктымал? Депутаттын мындай шек менен кармалып, камалышы Жогорку бийлик бутагы болгон парламенттин кадыр-баркын түшүрбөйбү? “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор”... Читать дальше...

Порошенко Орусияны “агрессор өлкө” деп атады

Azattyk.org 

Украинанын президенти бул тууралуу 21-февралда мурдагы президент Виктор Януковичтин сотунда көрсөтмө берген учурунда айтты. Орусияны “агрессор өлкө” деп атаган Порошенко расмий Москвада Украинага каршы “гибриддик согуштун” “мыкты координацияланган планы” болгонун, Крымдын аннексиясы ушул согуштун бөлүгү экенине токтолду. Порошенко мурдагы президент Виктор Януковичтин Киевдеги сотунда видео-байланыш аркылуу көрсөтмө берип жатып, “учурдагы сот жараяны өтө чоң мааниге ээ, бул Украина үчүн эле эмес. Читать дальше...

БУУ координатору: Чыгыш Гутаны бомбалоо уланууда

Azattyk.org 

Бул тууралуу БУУнун Сирия кризиси боюнча аймактык координатору Паноса Мумциса бүгүн Иорданиядан “Ассошиэйтед пресстин” кабарчысына билдирди. - Баррел бомбалардын (курамында түрдүү жарылуучу зат бар) түшүүсү уланып жатат. Гута Дамасктагы ооруканалардан жарым сааттык жолдо, он алты чакырымдай аралыкта жайгашкан. Жардамга муктаж аялдар, балдар, кары адамдар эч жакка чыга албай жер төлөлөрдө камалып, коркуп жаткан кырдаалды элестеткенде жүрөк сыгылат. Мунун алдында Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы... Читать дальше...

Мамкаттоо: Дамирбек Асылбек уулу жарандыктан чыгуу боюнча кайрылган эмес

Azattyk.org 

Аткезчиликке шектүү катары Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу жарандыктан чыгыш үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылган эмес. Бул тууралуу ушул мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов "Азаттыкка" билдирди: - Калкты жана жарандык актылардын абалын каттоо департаментине андан жарандыктан чыгуу боюнча арыз келип түшкөн эмес.  Буга чейин Дамирбек Асылбек уулунда Кыргызстандын да, Казакстандын да жарандыгы бар деген маалыматтар тараган. Читать дальше...

Украинада президент Порошенко сотто көрсөтмө берүүдө

Azattyk.org 

Ал мурдагы президент Виктор Януковичтин Киевдеги сотунда видео байланыш аркылуу көрсөтмө берүүдө. Порошенко мурдараак “Украинанын тарыхында биринчи ирет кызматтагы президент сотто көрсөтмө берүүнү чечкенин” 2014-жылдын февралындагы кандуу окуялардын күнөөкөрлөрү жазага тартылышына жетиштүү деп түшүндүргөн. Украинада "Евромайдан" деп аталган нааразылык акциялары 2013-жылы ошол кездеги президент Виктор Янукович Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол коюудан баш тарткан соң башталган. Кийин... Читать дальше...



Тажик-өзбек темир жол каттамы жанданат

Azattyk.org 

Сирияда козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гутада набыт болгондордун саны 250 адамга жетти. Палестина лидери Улуттар Уюмунун башкы жыйынына келип, Израил менен мунасага жетишүүдөгү талабын айтты. Махмуд Аббас быйыл эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүнү сунуштап жатат. Алты жылдан ашык мезгилден бери жабык турган тажик-өзбек темир жол каттамы жакында кайра ачылмай болду. Бул каттам маркум президент Ислам Каримовдун тушунда жабылган эле.

Дин комиссиясы: Жалиловдун Нооруз боюнча сөзү мыйзамга каршы келет

Azattyk.org 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун Ноорузду майрамдоодон баш тартуу жөнүндө пикири тууралуу Аалымдар кеңешине билдирүү талабын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин башчысы Абдышүкүр Нарматовдун атына жазылган билдирүүдө “Жалиловдун коомчулукта уу-дуу кеп жараткан жана коомду бөлүүгө алып келе турган сөздөрүнө" баа берүү талабы коюлган. Экс-муфтийдин ойлору "моралдык жана этикалык нормаларды бузаары... Читать дальше...

Нарын Айыптын энеси сотторго кайрылды

Azattyk.org 

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп 9 миллион сом доого жыгылган журналист Нарын Айыптын 90 жаштагы энеси сотторго кайрылды.

Палестина дүйнөлүк коомчулуктан жардам күтөт

Azattyk.org 

Палестинанын лидери Улуттар Уюмунун башкы жыйынына келип, Израил менен мунасага жетишүүдөгү талабын айтты. Махмуд Аббас быйыл эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүнү сунуш кылды. Ал эми Израилдин өкүлү тил табышуунун жалгыз жолу - эки тараптын түз сүйлөшүүсү экенин айтып, буга каршы чыкты.

Токсондогу эне сотторго кайрылды

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деп, 9 миллион сом доого жыгылган журналист Нарын Айыптын токсондогу энеси сотторго кайрылды. Үй сатыкка коюлса, Райла Идинова небере-жээндери менен талаада калышы мүмкүн.

ЖК Казакстанда камалган кыргыз депутаты менен жолуктурууну өтүндү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстан Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулинге кат жолдоп, депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин эл аралык эрежелердин алкагында иликтөөгө жана кыргыз парламентарийлери менен жолугуштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Парламенттин маалымат кызматы бүгүн тараткан маалыматта "Жогорку Кеңеш Асылбек уулу Дамирбектин иши боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук коргоо органдары жүргүзүп жаткан иш-аракеттерге... Читать дальше...

ЖЭБдеги кырсык: кандай сабак алдык?

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык Кыргызстандын энергетика системасындагы ири долбоорлорду ишке ашыруудагы өкмөт жана парламенттин жоопкерчилигине байланыштуу бир нече маселени ашкере кылды. Жылуулук электр борборундагы кырсыктан кандай сабак алдык? Бул кырдаал бийик органдарындагы жоопкерчиликти күчөтүп, күмөн жараткан суроолорго жооп болобу? Арай көз чарай" талкуусунун бүгүнкү коноктору саясатчы, “Жаңы доор” партиясынын лидери Улукбек Кочкоров, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов... Читать дальше...

Сыдыков: Атамбаевде бирөөнүн үйүн тартып алайын деген ой жок

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков эгер журналист Нарын Айып апасынын жашай турган башка жайы жок экенин далилдеп берсе алардын үйүн сатуу боюнча доону кайра алышы мүмкүндүгүн “Азаттыкка” билдирди. - Бул мыйзамда каралып калган нерсе. Сот аткаруучулар “Нарын Айып мүлктүн үчтөн бир бөлүгүнө ээлик кылат экен, ошол бөлүк аркылуу дооңуздарды сот аркылуу канааттандырып алыңыздар” деп ишти бизге кайтарып берген. Биз ошонун негизинде сотко кайрылганбыз. Азыркы учурда эгер “бул жалгыз үй... Читать дальше...

22-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8; Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8; Баткен, Ош... Читать дальше...

Ат-Башыда жаштар токсикоманияга каршы жөө жүрүш уюштурду

Azattyk.org 

Бүгүн Нарындын Ат-Башы районунда жүздөй окуучу токсикоманияга каршы эки чакырымдай жөө жүрүш уюштурду. Бул иш-чараны өткөрүүгө акыркы убакта өспүрүмдөр арасында желим жыттоо, психотроптук заттарыды колдонуу күч алып жатканы себеп болгону айтылды. “Биз токсикоманияга каршыбыз” деген чакырык менен өткөн акцияны “Ат-Башы ынтымагы транс” коомдук уюму уюштурду. Анын жетекчиси Ринат Кусеинов: - Алыс жакта жумалап жумушта жүргөндө балдарыбыз көзөмөлсүз калгандыктан желим жыттап же насвай, тамеки таптып... Читать дальше...

Анкарадагы Апалдын аргасыз абалы

Azattyk.org 

Түркиянын борбор шаары Анкарада мекендешибиз Апал жардамга муктаж. Эки ай мурун өзү менен чогуу келип иштеп жүргөн жолдошу ай-күнүнө жетип турган аялын таштап Кыргызстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес. Авиа агенттиктер кош бойлуу энеге учак билетин сатуудан баш тартышкан. Төрөткананын акчасын чогулта албаган Апал учурда мекендештеринин колдоосу менен жан багып жатат.


Музыкальные новости
Большой театр

В День Победы военнослужащие по традиции посетили Большой театр России





Rss.plus
#123ru.net

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!




«Мне нравится жить в лесу». Судьба детей-актеров СССР из взрослых фильмов

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

Журналисты узнали, как живут вне России дети Марии Голубкиной и Николая Фоменко

Тарифы на железнодорожные перевозки из Китая в Россию и Белоруссию резко возросли




Өзбек-тажик чек арасында “Каримов дубалы” бузулду

Azattyk.org 

Өзбекстандын Самарканд облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен жердеги көзөмөл-өткөрмө бекетинде орнотулган дубал 18-февралда бузулган. “Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, жергиликтүү эл “Ислам Каримовдун” дубалы деп атап койгон коргонду алууга эки өлкөнүн чек арачылары катышкан. Узундугу он, туурасы үч метр келген дубал 2010-жылы өзбек бийлигинин демилгеси менен тургузулган. Тажикстандын бийлик өкүлдөрү “Саразм-Жартепа” көзөмөл-өткөрмө бекетинде мындан ары терминал... Читать дальше...

Мончо менен таза сууга жетпедик

Azattyk.org 

Нарын районунун Кара-Чий айылы Советтер Союзу тарагандан бери таза сууга да, мончого да жетпей келет. Айыл четинен аккан арыктагы агын сууну айылдын эли да малы да ичет. Таза суунун жоктугунан айылдыктар сарык жана ичеги ооруларын жуктурган учурлар болгон.

Бир нече тилде эркин сүйлөйлү

Azattyk.org 

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн утурлай «орусча кайрылгандарга кыргызча гана жооп берели» деген чакырык социалдык желелерде жаңырып, коомдо курч талкуу, кызуу талаш жаратты. Айрымдар ачууга алдырып, акарат кылууга өттү. Өз ара түшүнүшүүгө качан жетишебиз? Ынтымакты, биримдикти кантип бекемдейбиз?

Палестин лидери эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Махмуд Аббас БУУнун Коопсуздук кеңешинде 20-февралда сүйлөгөн учурунда ушундай сунуш киргизди. Анын айтымында, эл аралык тынчтык конференциясы 2018-жылдын орто ченинде өтүшү керек. - Кошмо Штаттар Иерусалим боюнча чечиминен улам эл аралык мыйзамдарды бузуп, өзүнө өзү каршы чыгышты. Андыктан азыр жалгыз мамлекет башка эл аралык өнөктөштөрдүн каршылыгы болмоюнча аймактык же эл аралык жаңжалды чече албайт. Ошондон улам биз Палестина маселесин чечиш үчүн эл аралык мыйзамга ылайык эл аралык конференция... Читать дальше...

Салянованын парламенттеги "коштошуу" сөзү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурдагы юстиция министри жана экс-башкы прокурор Аида Салянова өзүнө чыккан сот өкүмдөрү тууралуу 21-февралда парламентте билдирүү жасады. Ал кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, судьялар "укуктук эмес, саясий чечим чыгарды" деп баалады.



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Начала тонуть: Волочкову за ноги вытащили из воды после новости о родах Николаевой




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

"Спартак" обыграл "Краснодар" и продлил беспроигрышную серию до 7 матчей при Слишковиче


WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Премьер утверждён без интриги



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России