Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 05.02.2018

Баласын сабаган аял камакка алынды

Azattyk.org 

Ош шаарында баласын сабап, эсин оодарып койгон 24 жаштагы А. Д. аттуу келин камакка алынды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, аял 4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жаракат алып, эстен танып калган баласын алып келген. Ал 2 жаш 8 ай болгон баласын “тепкичтен кулап кеткен” деп түшүндүргөн.

ЕБ менен Грузия кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашты

Azattyk.org 

Брюсселде жолуккан Евробиримдик менен Грузиянын расмий өкүлдөрү эки тарап кол койгон Ассоциациялык келишимдин аткарылышында жылыш бар экенин билдиришип, кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашты.  "Грузия Европа биримдиги үчүн баалуу өнөктөш. Достугубузга көңүл бурууну улантуу - биздин биргелешкен кызыкчылыгыбыз. Биз жакшы жыйынтыктарга жетиштик",-деп билдирди 5-февралда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини.  Могерини Евробиримдик менен Грузиянын ортосундагы Ассоциациялык кеңештин төртүнчү сессиясын алып барды. Читать дальше...

Маданият үйлөрү – кагаздагы “жел козулар”

Azattyk.org 

Кагазда саны бар, өзү иштебеген Баткендеги маданият үйлөрү. Өз тек жайын билбеген, 25 жылдан бери ар кимдин колунда малай болуп жүргөн Азаматтын тагдыры. Кыргызстандык үч мигрант кыздын Анкарада ачкан ашканасы. Карылар үйлөрүнө ыр майрам тартуулап жүргөн апалардын ансамбли. Сузактагы жер көчкү коркунучунан улам жабылган мектеп.



АӨБ ЖЭБдин реконструкциясын баалоого катышканын төгүндөдү

Azattyk.org 

Азия өнүктүрүү банкы эч качан Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун реконструкциясын баалоого катышкан эмес. Бул тууралуу ушул банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. "АӨБдүн саясаты көмүр колдонуучу долбоорлорго каршы. Слайд мурдагы Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган бет ачардан кесилип алынган. Бул материалдар 2013-жылдын ноябрындагы семинар үчүн маалымат катары сайтка жарыяланган. Семинар билим берүү жана энергетика тармагындагы башкарууну... Читать дальше...

"Мени атып, Өзбекстанга сүйрөп кетишти"

Azattyk.org 

Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан жараланган Асан Үсөнбаев окуя боюнча жаңы жагдайларды ачыкка чыгарды. Ал Өзбекстандын аймагына кирип кеткенин четке кагып, аны 27-январда коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстанга кирип келип атып салышканын айтууда. Чек ара кызматы бул иш иликтенип жатканын билдирсе, Кыргызстандын Акыйкатчысы факт боюнча кылмыш ишин козгоону прокуратурадан талап кылды.

Украина Саакашвилиге качкын макамын берген жок

Azattyk.org 

Киевдин соту мурдагы грузин президенти, Украинадагы "Жаңы күчтөр кыймылынын" лидери Михаил Саакашвилинин саясий башпаанек берүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.  Анын адвокаттарынын айтымында, эми Саакашвилини Грузияга экстрадициялоого жол ачылышы мүмкүн. Алар Киев сотунун дүйшөмбүдөгү өкүмүн жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык сотко арызданышарын билдиришти.  Былтыр июль айында Украинанын президенти Петро Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан. "Буга Одесса облусунун мурдагы... Читать дальше...

Сирия: өкмөттүк күчтөрдүн соккусунан 23 адам мерт болду

Azattyk.org 

Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагындагы аба соккуларынан кеминде 23 жайкын тургун мерт болду.  Алардын арасында төрт өспүрүм бар экенин баш кеңсеси Британияда жайгашкан "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" кабарлады. Алардын маалыматы боюнча, 5-февралдагы аба чабуулдарынан кеминде 70ке жакын киши жарадар болгон.  Көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагында баш-аягы 400 миң жайкын тургун жашайт. Бул аймакты Сириянын өкмөттүк күчтөрү курчап турат. Читать дальше...



Орусия: Навальный суракка чакырылды

Azattyk.org 

Москвадагы тергөөчүлөр оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды суракка чакырышты. Дүйшөмбүдө таң эрте полиция кызматкери анын үйүнө келип, суракка чакырган эки кагазды тапшырганын Навальный өзү "Твиттердеги" барагына жазды. Мындай маалыматты атайын кызматтын өкүлдөрү да ырасташты.  РИА "Новости" агенттиги кабарлагандай, Навальный 28-январда Москвадагы митингдеги кармоо учурунда "полицияга кол көтөргөн" деп айыпталууда. Ал күнү Навальный митингге келери менен кармалып, түн ичинде кайра бошотулган. Читать дальше...

Казакстан: жоолукчан кыздар мектепке барыша элек

Azattyk.org 

Брюсселде 2015-жылы Парижде уюштурулган теракттарга шектелип жаткан Салах Абдесаламдын соту башталды. Москвада үч күндөн бери тынбай жааган кардын калыңдыгынан бактар кулап, бир адам каза тапты. Казакстанда жоолук маселеси кайрадан көтөрүлдү. Актөбө облусунда жоолук салынган 200дөй окуучу кыздар бир айдан бери мектепке барыша элек.

Брюсселде Париж теракттары боюнча шектүүнүн соту башталды

Azattyk.org 

Брюсселде Париждеги теракттар боюнча шектүү Салах Абдесаламдын соту башталды. 2015-жылдын ноябрында Франциянын борборунда 130 кишинин өмүрүн алып кеткен кол салуулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алган. Бирок бул процессте Абдесаламдын башка кылмыш иши каралууда. Теги марокколук француз жараны, 28 жаштагы Абдесалам Белгиянын Мөленбек районунда чоңойгон. Европадагы эң изделген адамды коопсуздук органдары 4 ай бою колго түшүрө албай жүрүп, 2016-жылдын 15-мартында... Читать дальше...

Прокуратура Салянованы 8 жылга кесүүнү суранды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын апелляциялык арызын кароо уланууда. Бүгүнкү жараянда тараптардын жарыш сөзү уланды. Мамлекеттик айыптоо ишти караган соттук коллегиядан Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Аида Салянованы үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 8 жылга кесүүнү суранды. Ошондой эле прокуратура ал жазаны дароо өтөшү керек экенин белгиледи. Буга чейин Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова депутатка карата Бишкектин Ленин райондук соту мыйзам бузуу менен чечим чыгарганын билдирип... Читать дальше...

Өкмөт: бажы төлөмдөрүн чогултуу көбөйдү

Azattyk.org 

Быйыл январь айында жыйналган бажы төлөмдөрү көбөйдү. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушуу учурунда билдирди. Маалыматка караганда, 2018-жылдын январь айында 2,8 миллиард сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулган. Кулматов бул пландалгандан 908 миллион сомго көп экенин белгиледи. Өкмөт тараткан маалымат боюнча, буга чейин Борбордук бажынын күн сайын чогулткан каражаты 30 миллион сомду түзсө, бул көрсөткүч январда 60 миллион сом болгон. Читать дальше...

Париж теракттарына шектүү киши Брюсселде соттолууда

Azattyk.org 

Брюсселде Париждеги теракттар боюнча шектүү Салах Абдесаламдын соту башталды. 2015-жылдын ноябрында француз баш калаасында 130 кишинин өмүрүн алып кеткен чабуулдар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алган. Бирок бул процессте Абдесаламдын башка кылмыш иши каралууда.

6-февралга карата аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргызстанда 6-февралда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7; Таласта түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8; Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5; Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5; Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-14, күндүз -3...+2; Нарын облусунда түнкүсүн -21...-26... Читать дальше...

Трамптын сый тамагына Кыргызстандан үч депутат катышат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Осмонбек Артыкбаев (КСДП фракциясы), Таалайбек Масабиров жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан” фракциясы) АКШнын президенти Доналд Трамптын жыл сайын уюштурулчу атайын сый тамагына катышат. Бул тууралуу Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, кыргыз парламентарийлери катышкан сый тамак 9-февралда Вашингтондо өтөт. АКШ президентинин атынан берилчү сый тамак - 1953-жылдан бери жыл сайын өтүп келген расмий эмес иш-чара.  Кошмо Штаттардын президенти... Читать дальше...

Түрк президенти Ватиканда Рим папасы менен жолукту

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-февралда Рим папасы Франциск менен Ватиканда жолукту. Түрк лидеринин иш сапарын утурлай Ватиканда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Римдин борбордук бөлүгүндө ар кандай акцияларды уюштурууга тыюу салынды. Эрдоган менен Рим папасы АКШнын президенти Доналд Трамптын Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп тааныган чечиминин кесепеттерин талкуулашы күтүлүүдө. Эрдогандын администрациясы тараткан билдирүүгө ылайык, жолугушууда Сириядагы кырдаал, качкындар кризиси... Читать дальше...

Бошотулган өзбек журналисти абакта кыйноого кабылганын айтты

Azattyk.org 

Тогуз жылдан кийин түрмөдөн чыккан өзбекстандык журналист жана укук коргоочу Дилмурод Саидов абакта жатканда кыйноого кабылганын билдирди. Маркум Ислам Каримов Өзбекстанды башкарып турганда камакка алынган 56 жаштагы журналист 3-февралда бошотулган.  "Тогуз жылда психологиялык жана физикалык кыйноо сыяктуу түрдүү басымга туш болдум", - деди Саидов "Азаттыктын" өзбек кызматы менен маегинде.  Саидов 2009-жылы көз боёмочулук айыптары боюнча кармалып, кийинчерээк 12,5 жылга түрмөгө кесилген. Ал президент... Читать дальше...


Музыкальные новости
Nirvana

Умер бывший продюсер группы Nirvana Стив Альбини





Rss.plus
Яндекс

Яндекс Погода выяснила, как за последние 30 лет изменились майские заморозки




РФ выдала агреман новому послу Финляндии

Чем жили. За биржу грех не выпить!

"Этажи": средняя стоимость аренды квартир в России за год выросла на треть

Ежедневный прогноз пожарной опасности опубликовали в Подмосковье




Америка футболунун чемпиону аныкталды

Azattyk.org 

Жекшембинин түнүндө АКШнын Миннеаполис шаарында "Супербоул" же америкалык футболдун финалы өтүп, анда «Филадельфия Иглз» ("Philadelphia Eagles") командасы биринчи жолу чемпион аталды. Бул команда беш жолку чемпион "Нью-Ингленд Пэтриотс" ("New England Patriots") командасын 41-33 эсебинде утуп алды. «Филадельфия Иглздин» оюнчусу Ник Фолз "мыкты оюнчу" болуп калды. "Супербоул" - АКШнын эң башкы спорттук иш-чарасы. Быйыл түз эфирде көрсөтүлгөн оюнду 160 миллиондон ашуун адам көрдү. Оюндардын ортосундагы... Читать дальше...

Кочкор-Атадагы үйдөн үч кишинин сөөгү табылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринен үч кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, каза болгон адамдардын тек-жайы аныкталды. Алар үйдүн кожоюну болгон 64 жаштагы адам, анын жубайы 58 жаштагы аял жана Ноокен районун 52 жаштагы тургуну экени такталды. Алдын-ала маалыматтар боюнча маркумдар үйдөгү газга ууланып каза болушу мүмкүн. Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. (RsK/BkA)

Ооганстанда аялды токмоктоо боюнча жети киши кармалды

Azattyk.org 

Ооган бийлиги "күйөөсүнөн башка эркек менен мамиле курду" деп, 22 жаштагы келинди катуу сабаган 7 киши кармалганын билдирди. Тахар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Сунатуллах Темор кармалгандардын баары аялдын жакын туугандары экенин кабарлады.  Паранжы кийген келинди ондогон эркектер таяк менен сабап жатканы тартылган видео өткөн аптада социалдык тармактарга тарап кеткен. Окуя декабрь айында Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Тахар провинциясынын Чах Ааб районундагы алыскы айылда болгону айтылган. Читать дальше...

Бажычыларга ири өлчөмдө пара сунуш кылган чет элдиктер кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качып бажы кызматкерлерине ири өлчөмдө пара сунуш кылган төрт чет өлкөлүк жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Кыргызстандын аймагында тамекинин “жалган транзити” менен алектенип, жасалма документтерди толтуруп жүрүшкөн. Бул белгилүү болгон соң алар бажы кызматкерлерине 138 миң доллар жана 100 миң евро пара сунуш кылышкан. Бул иш боюнча... Читать дальше...

Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу сунушталууда

Azattyk.org 

Казак парламентине президент Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөө укугун берген мыйзам долбоору келип түштү. Долбоорго ылайык, Коопсуздук кеңешин азыркыдай кеңеш берүүчү эмес, конституциялык орган кылып өзгөртүү сунушталууда. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Коопсуздук кеңеши өлкөнү башкарууда негизги борбор болуп, анын жана башчысынын чечимдери бардык бийлик органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек. 1991-жылы президент Назарбаевдин жарлыгы менен түзүлгөн Коопсуздук... Читать дальше...

Сот актаган 15 орус спортчусу Олимпиадага чакыруу алган жок

Azattyk.org 

Эл аралык Олимпиада комитети Спорттук арбитраждык соттон акталып чыккан 28 орусиялык спортчулар менен машыктыруучулардын 15ин Пхёнчхандагы кышкы Олимп оюндарына чакыруудан баш тартты.  Комитеттин сайтындагы маалыматка ылайык, мындай чечим чакырууларды карап чыккан топтун сунушунун негизинде кабыл алынган. Акталганына карабай, Олимпиадага катышууга уруксат албаган 15 орусиялыктын арасында эки машыктыруучу бар.  Орусиялык 28 спортчу жана машыктыруучу "кызытма колдонду" деген жүйө менен өмүр бою спорттон четтетилишкен. Читать дальше...



Москва

Baza: со счетов московского монастыря на Ордынке пропали более 26 млн рублей


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

Алиса Вокс объяснила, почему Шнуров уволил Коган




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Калужане выиграли 8 медалей на всероссийских соревнованиях по пауэрлифтингу

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Танцоры из Асбеста выступят в Москве


Стефанос Циципас

Греческий теннисист Стефанос Циципас поблагодарил мать за советское воспитание



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России