Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 16.02.2018

Казакстанда “атайын операцияда” Кыргызстандын эки жараны кармалды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасына шилтеме жасап, Tengrinews агенттиги кабарлады. Казак Башкы прокуратурасынын расмий маалыматында “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү бир учурда жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганы, операция “өлкөнүн чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго” каршы жүргүзүлгөнү айтылат. Коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кармалгандар арасында “бажы... Читать дальше...

Крым соту украин жаранын 6,5 жылга эркинен ажыратты

Azattyk.org 

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку соту украиналык Андрей Захтейдин иши боюнча өкүмүн 16-февралда жарыялады. "Диверсия даярдаган, куралды, ок дарыны жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактаган, документ жасаган" деп айыпталган украин жараны алты жарым жылга эркинен ажыратылды. Ал ошондой эле 220 миң рубль айып төлөөгө милдеттендирилди. Орусиянын коопсуздук кызматтары Захтейди жана дагы бир украиналык Евгений Пановду 2016-жылы август айында Крымда кармаган. Орусиялык тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча... Читать дальше...

Столтенберг: өзөктүк келишимди аткарууда Орусия ачык болсун

Azattyk.org 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Мюнхендеги коопсуздук конференциясында Орусияны өзөктүк келишимди аткарууда ачык болууга үндөдү: - Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр (INF) боюнча 1987-жылкы келишим бул куралдын бардык түрүнө тыюу салган. Ошондон бери бул келишим Европадагы коопсуздуктун таянычы болуп келди. Кошмо Штаттар Орусия орто радиустагы жаңы канаттуу ракеталарды жасап, сыноо менен келишимди бузганын аныктады. Биз орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди коргошубуз керек. Орусияны... Читать дальше...



Карысы бардын ырысы барбы?

Azattyk.org 

Кыргызстанда карыялар көбүнесе үйдө небере багат же чарбалык менен алектенип, коомдук иштерден оолактай баштайт. Бирок төрдөн орун алып, сый-урматтын үстүндө жүрчү мезгилде өз балдарынын эле зомбулугуна кабылып, кордук көргөн учурлар, карыларга ташбоор мамиле күчөп баратат. "Карынын кебин капка сал" деген журт, карылары кыйналган журтка айландыбы?

Гутерреш: дүйнө өзөктүк жаңжал коркунучуна туш келди

Azattyk.org 

Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш 16-февралда Мюнхендеги коопсуздук конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү. Анын айтымында, Кансыз согуш доору аяктагандан бери биринчи ирет дүйнө “өзөктүк курал менен каршылашуу коркунучуна” кептелди. Ал мында Түндүк Кореянын өзөктүк ишмердигин эске алды: - Кансыз согуш доорунан бери биринчи ирет биз азыр өзөктүк коркунучка, өзөктүк жаңжал коркунучуна туш келип жатабыз. Мен, албетте, Корея элдик демократиялык республикасынын өзөктүк куралын жана узак аралыкка учуучу ракеталарын айтып жатам. Читать дальше...

Мюнхен конференциясы “мамлекет аралык ири жаңжал” жөнүндө эскертүүдөн башталды

Azattyk.org 

Быйыл 54-ирет өтүп жаткан абройлуу конференциянын ачылышында анын төрагасы Вольфганг Ишингер дүйнө “мамлекет аралык ири жаңжалдын” кырында турганын эскертти. Конференциянын ачылышын утурлай жарыяланган баяндамада Ишингер Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы тирешүүнүн күчөшү, НАТО- Орусия алакасындагы чыңалуу, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча маанилүү келишимдердеги болжолдуу чалкештик, улутчулдуктун күчөшү “эл аралык тартиптин негизги принциптерин алысыратып жатканын” белгилеген. БУУнун баш... Читать дальше...

Камчы Көлбаевге Орусияга кирүүгө тыюу салынды (видео)

Azattyk.org 

Орусиянын Ички иштер министрлиги криминалдык төбөл Камчы Көлбаевге Орусия Федерациясынын аймагына кирүү тыюу салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, Орусия ИИМинин өкүлдөрү Бишкекте Көлбаевге карата профилактикалык иштерди жүргүзүп, ага эскертүү берди. Бүгүн primecrime.ru сайты Камчы Көлбаев Орусия үчүн “персона нон-грата" болуп жарыяланганын жазган. Маалымат каражаты Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери... Читать дальше...



Түркияда төңкөрүш аракети боюнча айыпталгандар өмүр бою кесилди

Azattyk.org 

Жергиликтүү медианын маалыматына караганда, Стамбулдун соту бүгүн 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыпталган алты журналистти өмүр бою эркинен ажыратты. Алардын арасында Taraf гезитинин мурдагы башкы редактору Ахмет Алтан, анын бир тууганы журналист жана илимпоз Мхмет Алтан да бар. Түрк бийлигинин эсебинде, соттолгон журналисттердин АКШда жашаган диниятчы Фетхулла Гүленге байланышы бар. Гүлен өзү расмий Анкаранын 2016-жылдын 15-июлундагы аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган деген айыптоосун четке каккан. Читать дальше...

Олимпиадага жөө жеткен ата-эне

Azattyk.org 

17-февралда Европадагы эң жаш мамлекет - Косовонун түптөлгөнүнө 10 жыл болот. Бирок Сербия мурдагы провинциясынын эгемендигин дале тааный элек. Иран Индиядан инвестиция тартуу жолдорун караштырууда. Президент Роухани жетектеген делегация Хайдарабад шаарына барды. Тажикстанда "Улут көсөмү - Эмомали Рахмон" деп аталган сыйлык негизделди. Кошуна өлкөдө президентти дагы кантип даңазалашат?

Масалиев ЖЭБди жаңылоонун айрым жагдайларын ачыкка чыгарды

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоонун техника-экономикалык негиздемесинин долбоору макулдашуу ратификациялангандан жарым жылдан кийин бекитилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев ЖЭБдеги авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссиянын парламенттеги жыйынында билдирди. Башкача айтканда өкмөт 386 млн. доллар акчаны алгандан кийин гана аны иштетүүнүн долбоорун даярдаган. - 2013-жылы ЖЭБди модернизациялоо боюнча макулдашуу ар кандай жолдор менен ратификацияланды. Читать дальше...

Белгисиз киши өзбек-кыргыз чек арасына 573 миң доллар таштай качты

Azattyk.org 

Өзбекстандын күч органдары кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерге 573 миң 280 долларды таштай качкан адамды издеп жатышат. Бул тууралуу "Спутник Өзбекстан" агенттиги расмий маалыматка таянып билдирди.  Кабарга ылайык, өзбек чек арачылары Кыргызстанга өтүүгө тыюу салынган жерде бараткан адамды токтотууга аракет кылган учурда ал колундагы баштыкты таштап качып кеткен. Бирок окуя кайсы аймакта болгону кабарлана элек. Окуя Өзбекстан тарапта болгондуктан, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы комментарий берген жок. Читать дальше...

Сапар Исаков ыйгарым укугун колдонобу?

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаков инвестициялар боюнча мамлекеттик программаны аткарбаган министрлерди кызматтан аларын эскертти. Конституциянын былтыр жыл аягында күчүнө кирген беренеси боюнча өкмөт башчынын кадр саясатын жүргүзүү укугу кеңейген.

Абактагы саясатчылар ачкачылыкты улантууда 

Azattyk.org 

Абактагы оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону улантууда. Адвокат Марс Кыдыкбаев билдиргендей, алар талаптары аткарылмайынча акцияны токтото турган ниети жок.  Бүгүн Кыргызстандагы "Саясий туткундарды коргоо комитети" абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалына көңүл бурууну суранып, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылган. Кайрылууда алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаевдин, соттордун... Читать дальше...

Абдылдаев: ЖЭБдеги кырдаал боюнча адегенде өкмөттү сураш керек

Azattyk.org 

“ЖЭБдеги кырдаал боюнча адегенде өкмөттү сурак кылыш керектигин” Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев Бишкек жылуулук электр борборундагы авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссиянын парламенттеги жыйында билдирди. Ал алгач “шалаакылык” беренеси менен козголгон “кылмыш иш кайсы кызматкерлерге багытталган, ким жоопко тартылат?” жөнүндө тиешелүү кызматтарга суроо салды. Кылмыш ишин тергеп жаткан УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчисинин орун басары факты эми гана тергелип жатканын... Читать дальше...

Тиллерсон: АКШ Түркиянын чек араны коргоо укугун тааныйт

Azattyk.org 

“АКШ Түркиянын чек араны коргоо боюнча мыйзамдуу укугун тааныйт” деген АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун сапары НАТО боюнча өнөктөштөрдүн мамилесиндеги чыңалууну басаңдатуу максатын көздөдү. Түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолуккан соң Тиллерсон Анкараны Сириянын күрттөр көзөмөлдөгөн Африн аймагындагы операциясында сабырдуулукка, кырдаалды курчута турган аракеттерден оолак болууга чакырды. Ал эми Чавушоглунун айтымында, Түркия менен АКШ алака-катышты нормалдаштыруу зарылдыгын макулдашты... Читать дальше...

Cербия Косовонун эгемендигин таануу боюнча соңку чакырыктарга үн ката элек

Azattyk.org 

Евробиримдикке кошулуунун шарты катары Сербия Косовонун эгемендигин таанышы керек экенин Германия эскерткен эле. “Эгер Сербия Евробиримдикти карай жылууну, мыйзам үстөмдүгүн орнотууну кааласа, эң башкы шарт - Косовонун эгемендигин кабыл алышы керек”,  деген Германиянын тышкы иштер министри Сигмар Габриэл кечээги билдирүүсүндө. Ал бул тууралуу Приштинада Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинаж менен кездешкен учурда айтты. Немис тышкы иштер министри өз өлкөсүнүн ушундай эле көз карашын Белградда... Читать дальше...

Мэр шайлоонун эрежеси өзгөрдү

Azattyk.org 

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилип, президент Сооронбай Жээнбеков ага 16-февралда кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 15-февралда кабыл алган.  Жаңы эреже боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу органдарынын жетекчилерин шайлоого шаардык же айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү катышса, шайлоо мыйзамдуу болуп эсептелет.  Мурда депутаттардын үчтөн эки бөлүгү келбесе, шайлоо өтчү эмес. Мыйзамдагы "үчтөн экиси" деген жер "көпчүлүгү" деп өзгөртүлдү. Читать дальше...

Мюнхенде коопсуздук конференциясы ачылууда

Azattyk.org 

Бул абройлуу конференциянын бүгүнкү ачылышын утурлай анын төрагасы Вольфганг Ишингер Вашингтон менен Пхеньян ортосундагы тирешүүнүн күчөшү, НАТО-Орусия алакасындагы чыңалуу, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча маанилүү келишимдердеги ыктымал чалкештик, улутчулдуктун өсүшү “эл аралык тартиптин өзөк принциптерин алысыратып жатканын” белгиледи. “Өткөн жылы дүйнө олуттуу жаңжалдын кырына кыйла жакындады”, - деп жазат Ишчингер конференциянын ачылышын утурлай жарыяланган докладда. Орусия менен Батыштын... Читать дальше...


Музыкальные новости
Эдит Пиаф

В театре «Модерн» состоялась премьера моноспектакля «Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф»





Rss.plus
Сергей Собянин

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ




Мошенники начали создавать фейковые сайты по продаже авиабилетов

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

В Наро-Фоминске ликвидировали крупный пожар в ангаре

В Подмосковье в ночь на воскресенье ожидаются заморозки до минус 1 градуса




III дүйнөлүк "Көчмөндөр оюндары" 2-сентябрда башталат

Azattyk.org 

III дүйнөлүк "Көчмөндөр оюндарын" өткөрүү датасы аныкталды. Эл аралык спорттук иш-чара быйыл 2-сентябрда башталат. Ачылышы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. Оюндар эки жумадай уланат.  "Көчмөндөр оюнунда" улуттук спорттун 36 түрүнөн таймаштар өтөт. Ага 80 мамлекеттен 3000 спортчу катышары күтүлүүдө. Андан тышкары, 50 өлкөдөн журналисттер келет.  III дүйнөлүк "Көчмөндөр оюндарына" даярдык 2017-жылдын 15-декабрында башталган. Читать дальше...

Иран улуттук валютанын курсун кармоого аракет кылууда

Azattyk.org 

Борбордук банктын жарыясына караганда, ал банк депозиттеринин үстөгү азыркы 15%дан 20%га чейин жогорулашына мүмкүндүк бере турган болду. Ушул жуманын башында Ирандын улуттук акчасы риалдын америкалык долларга карата курсу рекорддук чекке чейин төмөндөп, бир доллар 48 400 риалга бааланып калган. Ушундан улам борбор шаар Тегеранда полиция акча алмаштыруучуларга каршы чара көрүүгө чейин барды. Кеминде он акча алмаштыруу жайы жабылып, 90дой акча алмаштыруучу камакка алынды. Өкмөт болсо валюта базарын... Читать дальше...

Парламент төрагасы Валентина Шевченкону энчилүү саат менен сыйлады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттун эрежесиз мушташ багытына кошкон салымы үчүн Валентина Шевченкону атайын энчилүү саат менен сыйлады. Сыйлыкты тайбокс, бокс жана дзюдо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченко спикердин колунан 16-февралда алды. Спортчу өзү машыгууларга байланыштуу келе албаганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын... Читать дальше...

Спикер Валентина Шевченкону энчилүү саат менен сыйлады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттун эрежесиз мушташ багытына кошкон салымы үчүн Валентина Шевченкону атайын энчилүү саат менен сыйлады. Сыйлыкты тайбокс, бокс жана дзюдо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченко спикердин колунан 16-февралда алды. Спортчу өзү машыгууларга байланыштуу келе албаганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын... Читать дальше...



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Часовой любви. 100 лет Булату Окуджаве




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Спартак" обыграл "Краснодар" и продлил беспроигрышную серию до 7 матчей при Слишковиче

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет


Анна Блинкова

Россиянки Аванесян и Блинкова вышли во второй тур турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru