Пакистанда жанкечти чабуулу кеминде он бир жоокердин өмүрүн алды
Сват өрөөнүндөгү аскердик базага жанкечтинин чабуулунан кеминде он бир жоокер набыт кетип, дагы он үчү жаракат алды.
Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, жанкечти 3-февралда жоокерлер волейбол ойноп жаткан спорттук аянтчада өзүн жардырган. Оюнду жай тургундар да көрүп турган.
Каза тапкандардын арасында офицер да бар экени кабарланды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Техрик-е Талибан» тобу алып, чабуулду "өч алуу" деп атады.
Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси чабуулду айыптап, "коркоктордун соккусу" катары баалап, өлкөдөгү террорчулуктун акыркы тамырларын жок кылууга чакырды.