Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш аяктады
Бүгүн, 4-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш аяктады. Байгелер эркектер арасында 10 салмакта, кыз-келиндер арасында эки салмакта ойнотулду.
Мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн 146 мушкер катышты. Алардын жетөө кыздар.
Кыргызстандан 15 мушкер финалда күч сынашып, алардын жетөө жеңүүчү болду. Жалпы мелдештин жыйынтыгында жети алтын, сегиз күмүш, 10 коло байге менен Кыргызстан командалык эсепте 1-орунду ээледи. 2-орунда Өзбекстандын мушкерлери эки алтын, эки күмүш, үч коло, казакстандык спортчулар бир алтын, бир күмүш алты коло байге алып, 3-орунга чыкты.
Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 41-жолу уюштурулду. (ECh)
Мелдештин байге ээлеринин тизмеси: