Алайда жер силкинди
![Алайда жер силкинди](https://gdb.rferl.org/D9C8AE48-E1F9-412C-A6E2-4D6B431F53E8_cx0_cy69_cw0_w800_h450.jpg)
Бүгүн таңга маал Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн күчү очогу Алай районунун Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк чыгыштагы жерде төрт баллга жетти.
Жер титирөөнүн күчү Алай районунун Бар-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (BkA)