Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссия ишин баштай элек
Бишкек жылуулук борборун жаңылоо жана андагы кырсыктын чоо-жайын иликтөө боюнча депутаттык комиссия ишин баштай элек.
Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынан депутат Аида Касмалиева “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, өткөн аптада түзүлгөн комиссия жыйынга чогула элек.
“Депутаттык комиссия ушу аптада ишин баштамак. Бирок бул жумада шайлоочулар менен иштөө үчүн аймактарга кетишти. Ошондуктан, кийинки аптадан тарта ишин башташы мүмкүн”, - деди Касмалиева.
Депутат комиссия көз карандысыз эксперттерди тартуу менен Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллардын сарпталышын жана ЖЭБдеги кырсыктын чоо-жайын иликтерин кошумчалады.
26-январдан тарта Бишкек жылуулук борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, борбордогу көп кабаттуу үйлөр жылуулуксуз калган.
Жаңыдан эле оңдоодон өткөн жылуулук берүү борборунун катуу суукка туруштук бере албай, иштен чыгуусун андагы адистер эски блоктогу насостордун бузулушу менен байланыштырган.
Бул жагдай кышка карата даярдыктын начардыгын, жылуулук берүү борборун оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын сарпталышы боюнча маселени күн тартибине чыгарган.(BkA)