Оштогу тыгын жана тыйын
![Оштогу тыгын жана тыйын](https://gdb.rferl.org/A37692B4-67ED-465E-9397-3CFFB4D735E3_w800_h450.jpg)
Өлкөнүн түштүгүндөгү бардык райондор менен шаарларда борбордук көчөлөр акы төлөнүүчү автотурукка (стоянкага) айланды. Мен буга караманча каршымын. Аны жергиликтүү бийликтин чала ойлонулган иши деп баалайм. Эмне үчүн? Анда четинен тизмектеп берейин.