Польша президенти талаштуу мыйзамга кол коёт
![Польша президенти талаштуу мыйзамга кол коёт](https://gdb.rferl.org/4443A7A6-D37D-4C93-B49A-C7C6DC64A1EA_w800_h450.jpg)
Польшанын президенти Анджей Дуда Холокост тууралуу талаштуу мыйзамга Израил, АКШ жана Украинанын каршылыгына карабастан кол коёрун 6-февралда билдирди. Бул мыйзамга ылайык, Польшаны фашисттик Германиянын кылмыштары менен байланышта карагандар жана украиналык улутчулдардын поляктарга каршы жасаган кылмыштарын жокко чыгаргандар жазага тартылышат. Польша мындай мыйзам өлкөнүн беделин коргоо үчүн керектигин айтууда.