АКШ: Орус элчилигинин алдындагы аянтка Немцовдун аты коюлду
Орусиянын АКШдагы элчилигинин алдындагы аянтка оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Немцов атындагы фонддун төрагасы кенже Владимир Кара-Мурза билдирди. Анын айтымына, аянтты ачуу салтанаты 27-февралга пландалды.
Былтыр Вашингтон шаардык кеңешинин тармактык комитети элчиликтин маңдайындагы көчөгө Немцовдун ысымын ыйгарууну сунуш кылган долбоорду бир добуштан кубаттаган.
Мурдагы вице-премьер-министр, президент Владимир Путиндин сынчысы Немцовду 2015-жылдын февралында Москвада атып кетишкен.