Аким: Макмалда курулуш токтоп турат, элдин протоколу бийликке жөнөтүлөт
![Аким: Макмалда курулуш токтоп турат, элдин протоколу бийликке жөнөтүлөт](https://gdb.rferl.org/2DB27BCF-E504-43D6-9752-A69B7CD66C29_w800_h450.jpg)
Тогуз-Торо районунда бүгүн өткөн элдик жыйында протокол кабыл алынды. Райондун акими Тилек Идирисовдун айтымында, ага жергиликтүү тургундардын бардык талаптары жазылат жана жогорку бийлик органдарына жөнөтүлөт.
- Кандай чечим кабыл алынары мамлекеттик деңгээлде чечилет. Учурда ал жерде иш токтоп турат, - деп билдирди райондун башчысы эл алдында сүйлөп жатып.
Макмал кенинин базасында тоо-кен байытуучу ишкана курууга каршы нааразылыктар 1-февралда башталган. Бүгүнкү жыйын Казарман айылдык клубунун алдында өттү, ага жүздөгөн тургун катышты.
1-февралда өткөн митингдин катышуучулары “фабрика ишке кирсе Чернобыль сыяктуу эле зыян болорун, мал-жан ууланарын” айтып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын талаптары каралат деп убада бергенден кийин чогулгандар тарап кетишкен. (RK)