Ошто адвокат алдамчылык боюнча шарттуу кесилди
Ошто Ж.Т. аттуу адвокат алдамчылыкка байланыштуу шарттуу кесилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, Ош шаардык адвокаттар коллегиясынын мүчөсү экени айтылган жактоочу С.М. аттуу тургундун ишенимине кирип, ага юридикалык жардам көрсөтүш үчүн 260 миң акчасын алып алган. Бирок ага тиешелүү кызмат көрсөткөн эмес. Жабырлануучунун арызынын негизинде факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.
2017-жылдын ноябрында Ош шаардык соту Ж.Т. аттуу адвокатты Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча айыптуу деп таап, бир жыл алты айга шарттуу кескен. 2018-жылдын январь айында Ош облустук соту бул чечимди күчүндө калтырды.
Соттун өкүмүнүн негизинде Башкы прокуратура сөз болуп жаткан жактоочунун адвокаттык лицензиясын алып салууну өтүнгөн катты Юстиция министрлигине жөнөттү. (ErN)