Кыргызстанда 216 миң бала ПИН-номур ала элек
Кыргызстандагы окуучулардын арасында 216 миң бала персоналдык идентификациялык номер ала элек. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди.
-Учурда 216 миң баланын персоналдык идентификациялык номери жок. Ал эми ПИН номери жок болсо алар эч кандай мамлекеттик кызматтан пайдалана албайт. Башкача айтканда аттестат алганда, паспорт алганда кыйынчылыктарга кабылышат. Ошондуктан биз бул окуучулардын ата-энелерине балдарына тезирээк ПИН номер алышы керек экенин эскертип кетебиз.
Эржигитов ошондой эле Кыргызстандын аймагында мектепте окуган жана мектепке чейинки балдар арасында күбөлүк да ала элек балдар миңдеп саналаарын, алар боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Былтыр чоңдор менен балдарды бириктиргенде 500 ПИН-номур ыйгарылган. 2017-жылы ошондой эле паспорттун бардык түрүн кошкондо жарандарга 942 миң паспорт берилген.
Мамлекеттик каттоо кызматы мектеп окуучулары боюнча маалыматты санарипке өткөрүп, ар бирине жекече ПИН-номер ыйгаруу иштерин 2016-жылы баштаган. (ErN)