Тажикстан: президенттикке талапкердин курагы 30га түшүрүлөт
Тажик парламентинин төмөнкү палатасы шаршембиде "Тажикстан президентин шайлоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Анын ичинде президенттикке талапкердин курагы 35тен 30га түшүрүү маселеси бар.
Коңшу өлкөдө 2016-жылы конституциялык референдумда киргизилген 40 өзгөртүүнүн экөө өзгөчө маанилүү. Биринчиден, “Улут лидери”, азыркы президент Эмомали Рахмонго өлкө башчылыгына чексиз ирет шайланууга укук берилген.
Экинчиден, президенттикке талапкер болчу адамдын курагы жашартылган. Эми 30 жашка толгон жаран Тажикстандын президенттигине жана депутаттыкка шайлана алат. Мурда бул чек президентикке талапкердики 35, парламенттики 25 жаш болчу.
Президенттин уулу Рустами Эмомали быйыл декабрда 30га чыкты. Буга чейин маанилүү кызматтарды аркалап, бир жылдан бери башкалаа Душанбенин мэри.
Эмомали Рахмон 65 жашта. 1994-жылдан бери өлкөсүн башкарып келатат. Тажикстанда президенттик шайлоо 2020-жылга белгиленген.