АКШ президенти демократтардын меморандумун ачык жарыялоодон баш тартты
Президент Дональд Трамп АКШ президентинин шайлоосуна “Орусиянын кийлигишүүсү” боюнча иликтөө тууралуу демократтар даярдаган меморандумду ачык жарыялоодон баш тартты.
Анда ФБР (Федералдык иликтөө бюросу) Трамптын кеңешчисин мыйзамсыз тыңшаган деген жыйынтыкты четке каккан. Меморандумду демократ-сенаторлор 2-февралда жарыяланган республикачылардын меморандумуна жооп катары жарыялаган.
Республикачылардын документинде "2016-жылы ал кездеги президенттикке талапкер Дональд Трамптын кеңешчиси Картей Пейжди тыңшоого аларда ФБР сотко туура эмес маалымат берген" деп айтылат.
Ал эми демократтар бул жыйынтыкты төгүнгө чыгарган меморандум даярдашканын кабарлаган.
Президент Трамп ФБР жана Юстиция министрлигинин кеңештерин жүйө кылып, ачык жарыялоодон баш тартты.
Ак үй Өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетке жөнөткөн катында, демократтар даярдаган документте “сыр катары таанылган маалыматтар” бар экени менен түшүндүргөн.
АКШ президенти меморандум авторлоруна документти кайрадан иштеп чыгууну сунуштады.