Жүз төрткө чыккан Таберик апанын батасы
Таберик Мураталиева 104 жашта. Бир кылымды көргөн эненин отуздан ашык небереси, 23 чөбөрөсү жана онго жакын кыбырасы бар. Таберик апа Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылынын тургуну. Ушул тапта Кара-Балта шаарында турган небереси багып жатат. "Азаттыктын" кабарчысы Таберик апанын ал-жайын сурап, батасын алып келди.