Дооронбек Садырбаевдин адабий мурасы
Айтылуу кинорежиссёр, акын жана прозачы, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин чыгармаларынын “Даанышман” аттуу беш томдугу жарык көрдү. Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду чыгарган томдуктардын бетачары ушул жылдын 13-февралында саат он бирде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт.