Кыйраган учактын калдыктары жана маркумдардын дене мүчөлөрү табылды
![Кыйраган учактын калдыктары жана маркумдардын дене мүчөлөрү табылды](https://gdb.rferl.org/93192D00-422C-45A1-BDEE-3459B9C8E7C6_w800_h450.jpg)
Издөө отрядынын кызматкерлери Раменское районуна кулаган Ан-148 учагынын 500гө чамалуу калдыгын жана өлгөн адамдардын 1500дөн ашуун дене мүчөлөрүн тапкан. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып, жазды.
12-февралда учактын "кара кутусу" табылганы, аба кырсыгынын себеби иликтенип жатканы да маалымдалууда. Азырынча учактын кыйрашынын себеби расмий айтыла элек.
"Саратов аба жолдору" компаниясына таандык учак 11-февралда Москва-Орск багыты боюнча "Домодедово" аэропортунан учуп чыккандан көп өтпөй, кулап түшкөн. Анын калдыктары Подмосковьедеги Степановский айыл аймагында отуз гектардай аянтка чачылып кеткени аныкталган.
Учактын бортунда 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон, бирөө да тирүү калган эмес.