Салимбай "байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" катары сыпаттаган тасма талкууга түштү
![Салимбай](https://gdb.rferl.org/1D788269-64CB-4E8B-93B3-46FB74171346_cx0_cy1_cw75_w800_h450.jpg)
Белгилүү өзбек олигархы Салимбай "байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" деп мактаган кишилер тартылган видео талкууга түштү. Тасма интернетке 12-февралда тарап, социалдык тармактын колдонуучулары андагы эки адамды "Кыргызстандын аброюна шек келтирди" деп сындашууда.
Бир мүнөткө жетпеген видеодо өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки адам Салимбай "байбача" кыргыз эли менен чогуу экенине сыймыктанышарын белгилешет жана ал киши Кыргызстандын "тиреги" экенин айтып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдорун билдиришкен. Өзбекстандык олигарх эки өлкөнүн достугу бекемделе беришин каалаган. Баары орус тилинде сүйлөшөт.
Маалыматтарда алардын бири Оштогу олигарх Жалил Атамбаев, экинчиси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаров экени айтылды. Өздөрүнөн бул жаатта комментарий алганга мүмкүн болгон жок.
Видео качан тартылганы белгисиз. Президенттик аппарат деле видеодо айтылган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго байланыштуу сөздөр боюнча үн ката элек.
Салимбай "байбача" деп таанылган Салим Абдувалиев Борбор Азияда таасирдүү крим төбөл катары белгилүү. Буга чейин Орусиядагы шайлоого кийлигишкени тууралуу да маалыматтар чыккан. (SE)