ЖК комитети интернетте сын жазгандарды жоопко тартуу сунушун колдоду
![ЖК комитети интернетте сын жазгандарды жоопко тартуу сунушун колдоду](https://gdb.rferl.org/E53BA1EE-D0DE-422C-B8BA-9B45D9B58CA1_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 12-февралда "Жарандык кодекске" өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.
КСДПдан депутат Дастан Бекешев сунуштаган өзгөртүүлөрдө интернетте негизсиз сын-пикир жазгандарды жоопкерчиликке тартуу камтылган. Ага ылайык, моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынган айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбошу керек.
Комитет жыйынында депутат Жанар Акаев айыппулдун жогорку чегин мындан ашырбоону, бул мыйзам долбоору коомчулуктун өз пикирин ачык айтуусуна жолтоо болбошу керектигин айтты. Мыйзам долбоорун колдобоого депутаттарды чакырды.
Дагы бир эл өкүлү Тазабек Икрамов айыппулдун өлчөмү 20 миңден эмес, 50 миң сомдон башталганы туура болмок деген сунуш киргизди.
Жыйынтыгында комитетке мүчө болгон он бир депутаттын ичинен үчөө -Жанар Акаев, Аида Касымалиева жана Наталья Никитенко "каршы" добуш беришти. Калгандары колдоп, мыйзам долбоор көпчүлүк добуш менен жактырылды.
Буга чейин Кыргызстандагы атуулдук коом "Жарандык кодекске" сунушталган өзгөртүүлөрдү сындап, сөз эркиндигине кысым катары сыпаттаган.