Асылбек уулу Дамирбек: Салимбай "байбача" менен спорт аркылуу таанышпыз
![Асылбек уулу Дамирбек: Салимбай](https://gdb.rferl.org/98878C84-57DB-4E41-9B86-2C4C0A2048EE_w800_h450.jpg)
Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамирбек белгилүү өзбек олигархы Салимбай "байбача" менен чогуу түшкөн сүрөттөр тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ал “байбача” менен спорт аркылуу тааныш экенин ырастады. Ал эми Интернетте тараган сүрөттөр 2014-жылы Ташкенттеги спорттук иш-чарада тартылганын белгиледи:
- Ал (Салимбай "байбача") Күрөш федерациясынын (Өзбекстандын) президенти. 2014-жылы Ташкентте күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу өткөн. Ошондо тартылган сүрөт. "Каяктан келип калган?" деп өзүм таң калып атам. Жалгыз мен эле барган эмесмин. Көп мамлекеттин күрөш боюнча федерацияларынын президенттеринин баары барган.
12-февралда Интернетте белгилүү өзбек олигархы Салимбай "байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" деп мактаган кишилер тартылган видео тарап, катуу талкууга алынып жатат. Бир мүнөткө жетпеген видеодо өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки адам орус тилинде Салимбай "байбача" кыргыз эли менен чогуу экенине сыймыктанышарын жана ал киши Кыргызстандын "тиреги" экенин айткан, президент Сооронбай Жээнбековду колдорун билдиришкен. Өзбекстандык олигарх эки өлкөнүн достугу бекемделе беришин каалаган. Тасмадагылардын бири Оштогу олигарх Жалил Атамбаев, экинчиси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаров экени айтылган. Өздөрүнөн бул боюнча комментарий алганга мүмкүн болгон жок. Видео качан тартылганы белгисиз. Президенттик аппарат да видеодо айтылган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго байланыштуу сөздөр боюнча үн ката элек. Көп өтпөй Интернетте Салимбай "байбача" менен кыргызстандык бир катар адамдар кошо түшкөн сүрөттөр да жарыяланды. Аларда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шаршенбек Абдыкеримов, Нургазы Айдаров, “Кыргызстан” фракциясынан депутаттар Асылбек Дамирбек уулу, Салайдин Айдаров тартылган.
“Салимбай байбача” катары таанылган Салим Абдувалиев Борбор Азияда таасирдүү крим төбөл катары белгилүү. Буга чейин Орусиядагы шайлоого кийлигишкени тууралуу да маалыматтар чыккан. Ал Өзбекстанда Спорттук күрөш федерациясын жетектейт. (NT/EBM)