Адвокат: Бектур Асановдун абалы начарлап жатат
Бишкектеги №47 абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын бири Бектур Асановдун абалы начарлап баратат. Бул тууралуу 13-февралда алардын абалынан кабар алып чыккан адвокат Марс Кыдыкбаев "Азаттыкка" билдирди.
- Кубанычбек Кадыров менен жолуктум. Бирок Бектур Асанов менен жолуга албадым. Анын абалы жакшы эмес экен, дааратканага да кишилер жөлөп-таяп алып барып жатышыптыр. Мен барган учурда асма үкөл алып жаткан экен. Мендеги маалымат боюнча, Бектур Асановдун кан басымы 90\60, Эрнест Карыбековдуку деле 90\60 экен. Кубанычбек Кадыровдуку кечээ 160\100 болуптур.
"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Эрнест Карыбеков 31-январдан, Кубанычбек Кадыров 1-февралдан тартып "кургак ачкачылык" кармай башташкан. Алар "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12, Кадыровду 20 жылга кескен.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирди. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн тартып дарыгерлердин сунушу менен суу иче баштаган.
Алар ачкачылык кармагандан бери дарыгерлердин көзөмөлүндө. (SE)