Тиллерсон: "ИМ" биротоло жеңиле элек
![Тиллерсон:](https://gdb.rferl.org/65D1DB07-D4DE-4A8F-9840-7E03D312A8C7_w800_h450.jpg)
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон АКШ башында турган коалицияга мүчө мамлекттерди "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлерин толук жок кылуу үчүн Ирак менен Сириядагы аталган топко каршы күрөштү улантууга чакырды.
"Ири аскерий аракеттердин аякташы бул топту биротоло жеңгенибизди билдирбейт",-деди Тиллерсон 13-февралда Кувейтте коалицияга мүчө мамлекеттердин жыйынында сүйлөп жатып.
Ал Ирак менен Сириядагы бир кезде "Ислам мамлекети" радикал тобу басып алган аймактар согушкерлерден тазаланганын кошумчалады. Ошону менен бирге Тиллерсон "жоочулар аймак үчүн, биздин мамлекеттерибиз үчүн жана дүйнөнүн бардык бөлүктөрү үчүн коркунуч туудуруп жатканын" эскертти.
Мамлекетик катчынын сөздөрүнө караганда, Вашингтон Сириянын террорчул топтон бошотулган аймактарын калыбына келтирүү үчүн жардам катары 200 миллион доллар бөлмөй болду.
"Ислам мамлекети" террордук тобу Ирак менен Сириянын басымдуу бөлүгүн басып алганда, аларга каршы күрөшүү үчүн 2014-жылы негизделген эл аралык коалицияга жетимиштен ашуун мамлекет кошулган.