Индия Пакистанды Кашмирдеги чабуул үчүн айыптады
![Индия Пакистанды Кашмирдеги чабуул үчүн айыптады](https://gdb.rferl.org/62D173B3-62CF-4776-936C-E352AC8F3B46_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
Индия Пакистан 10-февралдагы кыянатчылык үчүн жооп берет деп эскертти. Ал күнү армиянын бөлүгүнө жасалган кол салуудан кеминде алты аскер окко учуп, 11 киши жарадар болгон, үч согушер жок кылынган.
Коргоо министри Нирмала Ситхараман чабуулду уюштурган террорчулар Пакистанда жайгашкан "Жаиш-и-Мохаммед" уюмунун мүчөлөрү экенин, индиялык аскерлерде алар Пакистандан башкарылып жатышканынын далили бардыгын айтты. Ал эми Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын дооматтарын четке какты.
Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө экинчи күн катары менен коопсуздук күчтөрү менен куралчан топтун аткылашуусу уланууда. Жаңжал бир күн мурда, Шринагар шаарындагы полиция бөлүмүнүн жанында башталган.
Кашмир 1947-жылы Британиянын оторчулугу аяктаганда Индия жана Пакистан ортосунда бөлүнгөн. Эки өлкө тең аймакты ошондон бери талашып жүрүшөт.
Дели Исламабад көзөмөл сызыгына өздөрү машыктырган согушкерлерди жөнөтүүдө деп айыптап келет. Пакистан болсо Кашмирдин өз тагдырын аныктоо күрөшүнө дипломатиялык колдоо көргөзгөнүн айтат.