Эки Кореянын алакасындагы “муздун эриши”
![Эки Кореянын алакасындагы “муздун эриши”](https://gdb.rferl.org/5CFCC8F6-DAEA-4211-A37A-93397BDD6442_w800_h450.jpg)
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы башында турган жогорку даражалуу делегациянын Түштүк Кореядагы үч күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Анда Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президентин Пхеньянга чакырганы маалым болду. Эл аралык коомчулук бул окуяны эки Кореянын мамилесиндеги “муздун эриши” катары сыпаттап жатат. Анткен менен Кошмо Штаттар оң жылыштар тууралуу айтуу эрте экенин белгилешти.