Батирлерди мейманкана катары колдонуу сунушу үчүнчү окууда колдоо тапты
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 13-февралда Турак жай кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодеске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоорду Алтынбек Жунус уулу баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Анда Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары колдонуп, пайда көрүүгө уруксат берилет. Ал эми батирлерди ижарага берген учурда мыйзамсыз иштер болсо, коомдук тартип бузгандар гана эмес, үй ээси да жоопко тартылат.
Өкмөт мыйзам долбоору көмүскө иш алып барган жеке ишкерлердин ачыкка чыгышына шарт түзөрүн, ал ишке кирсе туристтик мүмкүнчүлүктөр кеңейерин билдирген.
Кыргызстанда 2017-жылдын 10-январынан баштап көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Документтин демилгечилери аны шаар тургундарынын даттануулары менен негиздешкен. Мыйзамда көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди саатына жана күнүмдүк мейманкана катары пайдаланууга бергендерди административдик жоопкерчиликке тартуу, айыппул салуу каралган. Батирин ижарага берип иштеткен жарандар мыйзамга нааразы болуп, президенттен жана Жогорку Кеңеш депутаттарынан аны өзгөртүүнү суранышкан.
Батир берүүчүлөр айына бир батирден 30 миңден 50 миң сомго чейин акча таап келген. Бирок алар кирешеден мамлекетке салык төкпөй келгени белгилүү болгон. Ишкердиктин мындай түрү Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда жана туристтик мезгилде Ысык-Көлдө жакшы өнүккөн. (NT)