Флоридада мектепте ок атууга шектелген окуучу расалык уюмдун мүчөсү болгон
![Флоридада мектепте ок атууга шектелген окуучу расалык уюмдун мүчөсү болгон](https://gdb.rferl.org/65C94BDD-C528-4EE9-A6C0-D73126FE1951_cx0_cy36_cw0_w800_h450.jpg)
АКШнын Флорида штатындагы мектепке кол салган 19 жаштагы Николас Круз "Флорида республикасы" деп аталган уюмдун мүчөсү экени аныкталды.
Уюм териси ак адамдарды өзгөчө деп эсептейт. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Жордан Жереб "Ассошиэйтед Пресс" агенттигине маалымдаган.
Маалыматка ылайык, 19 жаштагы жигит Флориданын "актардын штаты" болушун жактаган уюмдун "аскердик окуусуна" катышкан.
15-февралда штаттын Паркленд шаарындагы мектепте Николас Круз ок атып, 17 кишини өлтүргөн.
ФБРдин маалыматы боюнча, өткөн жылы "Николас Круз" деген ат менен белгисиз бирөө Ютубдагы тасмага пикир калтырып, "мектептеги көзгө атар мерген болгусу келгенин" жазган. Бирок ал убакта иликтөө кызматы пикирдин авторун аныктай алышкан эмес.