Түркмөнстанда намаз окууну токтотуу талап кылынууда
![Түркмөнстанда намаз окууну токтотуу талап кылынууда](https://gdb.rferl.org/51CB098A-6B77-498B-B949-084232556583_cx0_cy42_cw54_w800_h450.jpg)
Түркмөнстандын Дашогуз облусунда коопсуздук кызматкерлери динге берилгендерди суракка алып, намаз окууну токтотууну талап кылууда
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, аймакта коопсуздук кызматкерлери пенсия курагына жете электе мечитке баргандарды суракка алып жатат.
“Эмне үчүн намаз окуп жатасың, ким менен сүйлөшөсүң, ата-энең барбы” деген суроолорду берип жатышат. Намазга жыгылбоону, мечитке барбоону талап кылышууда”, - деди өз булактардын бири.
Анын айтымында, суракка алынгандар мечитте же иш ордунда намазга жыгылса, жумуштан бошотулары жөнүндө эскертүү алышкан.
Айрыкча мурда Түркияда иштеп келгендер текшерүүдөн өтүүп, айрымдары сакалын алгандан кийин гана бошотулуп жатат.
Күч түзүмдүн кызматкерлери эмне себептен сурак жүрүп жатканын түшүндүрүшкөн жок. Айрым район акимчиликтерине намаз окуган кишилердин тизмесин түзүү тапшырмасы берилген.