Парламент төрагасы Валентина Шевченкону энчилүү саат менен сыйлады
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттун эрежесиз мушташ багытына кошкон салымы үчүн Валентина Шевченкону атайын энчилүү саат менен сыйлады. Сыйлыкты тайбокс, бокс жана дзюдо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченко спикердин колунан 16-февралда алды. Спортчу өзү машыгууларга байланыштуу келе албаганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп чыгат. Кийинки жылдары эрежесиз мушташ боюнча эл аралык таймаштарда ийгилик жаратып келатат. “Аялдар арасындагы мыкты тайбоксчу” наамы бар. Алгачкы титулун таэквондо боюнча 2002-жылы алган.