"Манас" аэропортуна учактар коно баштады
![](https://gdb.rferl.org/F4247DE3-5638-4EC7-A3CE-F412A9D9654A_w800_h450.jpg)
"Манас" эл аралык аэропорту ишин кайрадан жандантып, учактарды учуруп жана кондура баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн эртең менен туманга байланыштуу Дубайдан жана Стамбулдан учуп келген учактар Алматы шаарындагы аэропортко конууга аргасыз болгон. Ал эми Москва-Бишкек каттамындагы учак Ош аэропортуна конгон. Оштон Бишкекке келген учак артка кайткан.
Буга чейин аба ырайына байланыштуу каттамдар жылдырылганы үчүн Жалал-Абад аэропортунда нааразылык чыккан. 26-январдан Бишкекке учмак болгон рейс, эки күнгө кармалып калган. Натыйжада жүргүнчүлөр "Тез жет" авиакомпаниясынын аймактагы кеңсесинде митинг кылышкан.
Ушундан кийин компания "аба ырайына байланыштуу" деген жүйө келтирип, билеттерди "Авиа траффик" компаниясына которуп, жүргүнчүлөрдү Ош аэропортуна жөнөтүп жиберген. (ErN)