Столтенберг: өзөктүк келишимди аткарууда Орусия ачык болсун
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Мюнхендеги коопсуздук конференциясында Орусияны өзөктүк келишимди аткарууда ачык болууга үндөдү:
- Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр (INF) боюнча 1987-жылкы келишим бул куралдын бардык түрүнө тыюу салган. Ошондон бери бул келишим Европадагы коопсуздуктун таянычы болуп келди. Кошмо Штаттар Орусия орто радиустагы жаңы канаттуу ракеталарды жасап, сыноо менен келишимди бузганын аныктады. Биз орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди коргошубуз керек. Орусияны НАТО боюнча өнөктөштөрдүн тынчсыздануусуна маңыздуу, ачык-айкын жана текшерүүгө мүмкүн болгон жол менен көңүл бурууга чакырабыз.
НАТОнун баш катчысы Орусия өзөктүк кубатын модернизациялап, өзөктүк жаңы системаларды өнүктүрүп, аскерий стратегиясында өзөктүк куралдын ролун күчөтүп жатканын белгиледи.
Орусия 1987-жылкы келишим тыюу салган жана жерден атылуучу канаттуу ракеталарды жасап, өнүктүрүп жатат деген Вашингтондун айыптоосун буга чейин четке кагып, тескерисинче, АКШнын өзүн ал келишимди бузууда деп күнөөлөп келет.
Коопсуздук боюнча Мюнхендеги абройлуу конференция быйыл 54-ирет өтүүдө. Ага дүйнө мамлекеттеринен өкмөт башчылары, министрлер, коопсуздукка жоопкер жогорку даражалуу өкүлдөр, эксперттер чогулду. (UE)