Гутерреш: дүйнө өзөктүк жаңжал коркунучуна туш келди
Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш 16-февралда Мюнхендеги коопсуздук конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү. Анын айтымында, Кансыз согуш доору аяктагандан бери биринчи ирет дүйнө “өзөктүк курал менен каршылашуу коркунучуна” кептелди. Ал мында Түндүк Кореянын өзөктүк ишмердигин эске алды:
- Кансыз согуш доорунан бери биринчи ирет биз азыр өзөктүк коркунучка, өзөктүк жаңжал коркунучуна туш келип жатабыз. Мен, албетте, Корея элдик демократиялык республикасынын өзөктүк куралын жана узак аралыкка учуучу ракеталарын айтып жатам. Бул нерсе толугу менен эл аралык коомчулуктун эркине каршы жасалды, Коопсуздук кеңешинин (БУУнун) бир нече резолюциясын ачык бузду.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг конференцияда эл аралык коомчулук Пхеньянга өзөктүк программасынан баш тартуусу үчүн “максималдуу кысым” көрсөтүүсү керектигине токтолду.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялары катаалдашканына карабай өзөктүк курал жана баллистикалык программасынан баш тартпай келет.
Дүйнө мамлекеттеринен өкмөт башчылар, министрлер, коопсуздукка жоопкер жогорку даражалуу өкүлдөр, эксперттер чогулган Мюнхен конференциясы быйыл 54-ирет өтүп жатат. (UE)