Бишкекте майыптарга ыңгайлашкан алгачкы мейманкана ачылды
![Бишкекте майыптарга ыңгайлашкан алгачкы мейманкана ачылды](https://gdb.rferl.org/CB9DAFDC-1BE8-4F33-9859-4D9ACCB8FDB6_w800_h450.jpg)
Бишкекте майып жарандар үчүн алгачкы мейманкана ачылды. Аны негиздеген ишкер Мирбек Асангариевдин айтымында, отелдин ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Эл аралык стандартка ылайык, ар бир бөлмө азиздер үчүн Брайл тамгаларын терүү системасы менен жабдылган. Ысык суу менен жылуулук Күн энергиясынан алынат.
Отелдин ээлери бул жай Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болорун айтууда.
Мирбек Асангариев “Реформа” партиясынын лидери болгон, коомчулукта активдүү жарандык активист катары да белгилүү.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 178 миңге жакын майып адам болсо, алардын 29 миңи балдар. (RK)