Бардык мектептер беш күндүк тартипке өтмөй болду
![Бардык мектептер беш күндүк тартипке өтмөй болду](https://gdb.rferl.org/EA75F69D-BD5F-4F39-9299-F579ADF8A445_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда мектептердин баары аптасына беш күндүк окуу тартибине өтмөй болду. Бул тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону бүгүн кабарланды.
“Билим берүү жɵнүндɵ” мыйзам долбоору быйыл 10-январда парламентте кабыл алынган.
Демилгечилер – депутаттар тобу. Алардын бири, депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору мектептерде билим берүүнүн сапатын арттыра турганын белгилөөдө.
Маселе парламентте талкууланып жатканда алты күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп келгени, алар ар кандай ийримдерге катыша албай, мугалимдердин да сабакка даярданышына убакыт тартыш болуп жатканы, чет тилдерин үйрөнүүгө кошумча сааттар киргизилери айтылган.
Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстандагы мектептердин 80 пайызы пилоттук негизде беш күндүк окутуу тартибинде иштеп жатат. 159 мектепте окуучулар үч нөөмөттө окуйт. Мектептерди жылына 60 миӊ окуучу бүтүрөт.
“Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетимдүү окуу жүктɵмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет” деп жазылган бул мыйзамга ылайык беш күндүк тартипке мектептер быйыл 1-сентябрдан тарта өтөт. (RK)