Салянованын парламенттеги "коштошуу" сөзү
Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурдагы юстиция министри жана экс-башкы прокурор Аида Салянова өзүнө чыккан сот өкүмдөрү тууралуу 21-февралда парламентте билдирүү жасады. Ал кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, судьялар "укуктук эмес, саясий чечим чыгарды" деп баалады.