Украинада президент Порошенко сотто көрсөтмө берүүдө
Ал мурдагы президент Виктор Януковичтин Киевдеги сотунда видео байланыш аркылуу көрсөтмө берүүдө.
Порошенко мурдараак “Украинанын тарыхында биринчи ирет кызматтагы президент сотто көрсөтмө берүүнү чечкенин” 2014-жылдын февралындагы кандуу окуялардын күнөөкөрлөрү жазага тартылышына жетиштүү деп түшүндүргөн.
Украинада "Евромайдан" деп аталган нааразылык акциялары 2013-жылы ошол кездеги президент Виктор Янукович Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол коюудан баш тарткан соң башталган.
Кийин Киевдин Эгемендик аянтында демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышкан соң, тергөөчүлөрдүн эсебинде, 104 киши өлүп, 2500дөй адам жарадар болгон.
Янукович бийликтен 2014-жылдын 21-февралында кетип, Орусиядан башпаанек тапкан.
Ал "коопсуздук күчтөрүнө демонстранттарга ок атууга буйрук берген" деген айыптарды четке кагып, Киевдеги кыянатчылык анын өкмөтүн бийликтен кулатуу боюнча “пландалган операция” болгонун айтып жүрөт. (UE)