Матраимовдун Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы сотто каралат
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экс-премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы сотто карала баштайт.
Жогорку сот билдиргендей, Биринчи май райондук соту доо арызды кароонун мөөнөтүн бүгүн саат 10.00гө белгилеген. Матраимов өзүн кызматынан алуу боюнча өкмөттүн чечимин "мыйзамсыз" деп табууну жана кызмат ордун кайра калыбына келтирүүнү өтүнүп, сотко кайрылган.
Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун "анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген. Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 миллион сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болжолдонгон 7 миллион сомдун ордуна болгону 1,5-2 миллион сом гана жыйналганын жарыялаган.
Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” берген комментарийинде “Исаков инисин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен кызматтан алганын” айткан. Мындан тышкары бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышын, жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилишин жүйө келтирген. (NT)