ӨКМ: Ошто жер титирөөнүн күчү төрт баллга жетти
Ооганстанда болгон жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов: -Кыргызстанда жер титирөө чек арага жакын жайгашкан аймактарда: Алай, Чоң-Алайда 4 баллга, башка аймактарда 3 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян тийген учур катталган жок. Ооганстандын түндүгүндө кечээ кечинде күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө болду. Жердин силкиниши Тажикстанда жана Пакистанда да сезилди. Читать дальше...