Ысык-Көлдө калың кардан келтирилген чыгым 17 миллион сомдон ашты
Ысык-Көл облусунда калың кардан келтирилген материалдык чыгым алдын ала эсеп боюнча 17 746 213 сомду түздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, калың кардан аталган облустун Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл, Түп райондору зыян тартты. Акыркы маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 36 жылкы, 4 кулун, 45 уй, 4 музоо жана 2446 баш кой кырылды. Ысык-Көл облусунда 23-24-майда 50 сантиметрге чейин жеткен кар жааган. Андан келтирилген чыгымдын так саны эсептелип бүтө элек. Нарын облусунун... Читать дальше...