Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 04.05.2018

Крымда активист Игорь Мовенко эки жылга абакка кесилди

Azattyk.org 

Орусия тарабынан аннекцияланган Крым соту украин активистти “ВКонтакте» социалдык тармагындагы комментарийи үчүн эки жылга абакка кести. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, Мовенко социалдык түйүндө экстремисттик иш-аракетке үгүттөгөн. Адвокаттар чечимди жогорку тепкичтеги сотторго даттанарын билдирүүдө. Буга чейин прокуратура Мовенкону эки жылга шарттуу кесүүнү сураган. 2016-жылдын сентябрь айында Мовенкону анын велосипединде тагылган Украинанын «Азов» ыктыярчы тобунун эн белгиси үчүн Орусиянын... Читать дальше...

Чехия: ТИМ Земандын "Новичок" тууралуу сөзүн комментарийледи

Azattyk.org 

Чехияда "Новичок" уу заттарынын түрүнө кирген, нервди шал кылуучу А-230 газы изилдөө үчүн аз өлчөмдө өндүрүлгөнүн чех президенти Милош Земан "Barrandov" телеканалы менен болгон маегинде айткан. Ал белгилегендей, эксперимент Коргоо министрлигинин Брнодогу изилдөө институтунда 2017-жылдын ноябрь айында жүргүзүлгөн. Земан бул маалыматты Коопсуздук жана маалымат кызматынын баяндамасына таянып айтып жатканын жана өндүрүлгөн зат сыноодон кийин жок кылынганын кошумчалаган. "Менин жыйынтыгым мындай: бизде... Читать дальше...



Казакстанда мунайчы активист абактан мөөнөтүнөн мурда бошоду

Azattyk.org 

Маңгыстау облусундагы Oil Construction Company (OCC) кесиптик кошуунунун мурдагы жетекчиси Эмин Елеусинов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Чечимди 4-майда Павлодар шаардык соту чыгарды. Бул тууралуу сотко катышкан Казакстандагы адам укугу тууралуу эл аралык бюронун өкүлү кабарлады. Маалыматты Павлодар шаардык сотунун басма сөз кызматы жана Елеусиновдун адвокаты да ырастады. Эгер прокуратура чечимге тосмо арыз жазбаса, сот чечими 21-майда күчүнө кирет. 2016-жылы 16-майда Астананын... Читать дальше...

Кыргызстан - улуттардын уясы

Azattyk.org 

Акыркы жылдары сексенден ашык улут жашаган Кыргызстанда өз келечегин көргөн чет өлкөлүк жарандардын саны арбып барат. Аларды Кыргызстанга эмне тартып турат? Кандай көрүнүштөр суктандырып, кандай жагдайлар таң калтырат? Түрдүү элдердин достугу менен маданий көп түрдүүлүгү Кыргызстанды кантип байытат жана өнүктүрөт? "Азаттык+" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы ушул темага арналды.

Армениянын башкаруучу партиясы оппозицияга өтөт

Azattyk.org 

Республикалык партиянын төрага орун басары Армен Ашотян алар өкмөт башчылыкка талапкер болуп жаткан оппозициячы депутат Никол Пашинянды колдоп добуш беришерин, бирок парламентте көпчүлүктү түзгөнү менен өздөрүн мындан кийин оппозиция деп эсептерин бүгүн журналисттерге билдирди. - Биз өзүбүздү оппозиция деп эсептейбиз. Жеке мен өкмөттөгү жаңы саясий күчтөр менен кандайдыр бир кызматташтык тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес деп ойлойм. Биз бул өкмөттүн бир бөлүгү боло албайбыз. Ар бир демократияда күчтүү оппозиция болот. Читать дальше...

ЖМК: Трамп Түштүк Кореядагы аскерлерин азайтышы мүмкүн

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Түштүк Кореядагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу “Нью Йорк Таймс” басылмасы өз булактарына таянып жазды. Анын маалыматына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп Коргоо министрлигине аймактагы аскерлердин санын азайтууну карап көрүүнү тапшырган. “Нью Йорк Таймс” басылмасынын маалыматына караганда, ушу тапта Түштүк Кореяда 28 миң америкалык аскер бар. “Блумберг” "Түштүк Кореянын жетекчилиги АКШ аскерлеринин санын азайтуу планы тууралуу маалыматты тастыктаган жок" деп жазды. Читать дальше...

ЖМК: Трамп Түштүк Кореядагы аскерлеринин санын кыскартышы мүмкүн

Azattyk.org 

Кошмо Штаттары Түштүк Кореядагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу “Нью Йорк Таймс” басылмасы өз булактарына таянып жазды. Анын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп Коргоо министрлигине аймактагы аскерлердин санын кыскартууну карап көрүүнү тапшырган. “Нью Йорк Таймс” басылмасынын жазышынча, учурда Түштүк Кореяда 28 миң америкалык аскер бар. “Блумберг” Түштүк Кореянын бийликтери Вашингтондун аскерлеринин санын кыскартуу планы тууралуу маалыматты тастыктаган жок деп жазды. Читать дальше...



Нобелге көлөкө түшүргөн сексуалдык жаңжал

Azattyk.org 

Иран өзөктүк келишимди кайра караштырбайт. Мындай билдирүүнү тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жасады. Швеция академиясындагы жаңжалдан улам быйыл Адабият боюнча Нобель сыйлыгы тапшырылбайт. Вашингтон Бээжиндин Түштүк-Кытай деңизиндеги милитаризация аракетине жооп кайтараарын эскертти.

Кыргызстандагы немистердин таржымалы

Azattyk.org 

Чүй облусундагы немистердин алгачкылары 1925-жылы келген. Алардын кайсы бир тобу согуштан кийин көчүп келип, бул жерден орун алышкан. Ушул тапта Беловодск айылында жүздөн ашык гана немис үй-бүлөсү жашайт.

Текебаев ырайым суроодон баш тартты

Azattyk.org 

Кыргызстандын акыйкатчысы президентке кайрылып, "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып бошотууну суранды.

Орусияда акция өткөргөнү жаткан Навальныйдын жактоочулары кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясына жакын оппозициячы Алексей Навальный жарыялаган “Ал бизге падыша эмес” деген акциянын алдында полиция анын бир топ жактоочусун кармады. Санкт-Петербургда “Петербург жазы” кыймылынын координатору жана Навальныйдын штабынын ыктыярчысы Илья Гантварганы, Чебоксарыда оппозициячынын жергиликтүү штабынын башчысы Семен Кочкинди жана 5-майдагы акциянын уюштуруучусу Марина Полытованы, ошондой эле Кемероводо ыктыярчы Дмитрий Дилденкону полиция алып кеткен. Читать дальше...

Көйкөлө баскан, гүл кармаган, килемде тер төккөн Айсулуу. Балбан кыз 25ке чыкты

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бүгүн дүйнө элине таанымал балбан кыз Айсулуу Тыныбекова өздүк майрамын белгилеп жатат. Ал 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлүп, Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылында чоңойгон.

Чеченстан: сот Оюб Титиевди камактан чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты

Azattyk.org 

Грозный соту Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо уюмунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, "баңгизат сактаган" деп шек саналып жаткан Оюб Титиевди камакка алган сот чечимин жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок. Адвокаттардын айтымында, укук коргоочуну камакка алуу жөнүндө чечим чыкка мурдагы сот отурумунда мыйзамдык эрежелер бузулган.  “Хьюман Райтс Уочт” эл аралык укук коргоо уюму да 3-майда Футбол федерацияларынын дүйнөлүк ассоциациясы - ФИФА чеченстандык укук коргоочу Оюб Титиевдин... Читать дальше...

Атабеков: Саясат үчүн күйөрмандарды жоготкум келбейт

Azattyk.org 

Эмгек сиңирген артист, ырчы Мирбек Атабеков "Азаттыкка" маек куруп, чыгармачылыктан тышкары коомдогу саясий жагдай, социалдык маселелерге да токтолду. Ал өлкөдөгү урунттуу окуялар чыкканда өнөр адамдары эмне үчүн позициясын ачык айтпайт деген суроого жооп берди.

"Эже-сиңдилер": Зомбулук чекти билбейт

Azattyk.org 

Үйдөгү чыр-чатакты зомбулукка жеткирбей чечсе болобу? Ата-энелердин кыйкырганы, урганы балдарга кандай таасир этет? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө зомбулук жана анын түрлөрү тууралуу сөз кылабыз.

Кара-Сууда он үйдү суу каптады

Azattyk.org 

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы 10 үйдү суу каптады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кабарлады. Анын айтымында, Отуз-Адыр каналы элге эскертүүсүз ачылганынан улам турак жайларды суу каптап кеткен. Суу 10 үйдүн тамаркасын, жертөлөлөрүн баскан жана үч үйдүн чарбалык курулуштарын керектен чыгарган.  Учурда ӨКМдин адистери суу каптоонун кесепеттерин жоюу жана чыгымды эсептөө менен алектенип жатышат.  Отуз-Адыр каналы эмне үчүн күтүүсүз ачылганы иликтенүүдө. Читать дальше...

Мыйзамсыз дайындалган кызматкер иштен алынды

Azattyk.org 

Ошто “кызматка мыйзамсыз дайындалганы аныкталды” деген адам иш бөлмөсүн бошотуп бере элек. Кара-Суу райондук прокурорунун орун басары Саркарбек Эшмановдун “Азаттыкка” айтканына караганда, пландуу текшерүү учурунда Шарк айыл өкмөт башчысынын орун басары бул кызматка мыйзам бузуу менен дайындалганы аныкталды. “Айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Тезекбаев Эмгек кодексин жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузуу менен Кайнар Уразбековду өзүнө орун басар кылып дайындаган. Читать дальше...

Армения: премьерликке талапкер Пашинян элчилер менен жолукту

Azattyk.org 

Армян оппозициясынын лидери, өкмөт башчылыкка талапкер Никол Пашинян Орусиянын, АКШнын, Грузиянын жана Европа Биримдигинин элчилери менен жолугуп, өлкөдөгү саясий кризисти жоюу боюнча жасай турган иштери тууралуу айтып берди. «Мен элчилерге өлкө ичиндеги кризисти чечүү боюнча жетишилген макулдашуулар тууралуу айттым. Эки тараптуу мамилеге байланышкан бир катар маселелер талкууланды. Арменияда аккредитациядан өткөн элчилер менен жолугушуулар дагы уланат» деди ал. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков... Читать дальше...


Музыкальные новости
Nirvana

Скончался экс-продюсер группы Nirvana Стив Альбини





Rss.plus
Игорь Маковский

Игорь Маковский: оперативный Штаб «Россети Центр» осуществляет усиленный контроль за работой электросетевого комплекса 




Чешская полиция объявила в розыск "генерала российской военной разведки"

Не дайте вашим губам выдать возраст: простые правила макияжа, чтобы не выглядеть старухой

В МИД России указали на повышение Лондоном градуса конфронтации с Москвой

Ушла из кино, торговала нижним бельем. Что стало с советской Мерилин Монро?




5-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

5-майда тоо этектериндеги аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарында 14 метрге чейин жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26; Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26; Нарын жана Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20. Читать дальше...

"Кат жазчы мага..." же Мекенге кат

Azattyk.org 

"Кат жазчы мага, бир келген ушул өмүрдө". Бул ырдын обону, сөзү, аткарылышы абдан мыкты. Жүрөктөн чыккан чыгарма гана жүрөккө жетет дейт. Тажабай кайра-кайра угам, өткөн-кеткендер эске түшөт.

Кыргыз акындары Түркияда эл аралык фестивалга катышууда

Azattyk.org 

Стамбул шаарында өтүп жаткан эл аралык фестивалга түрк тилдүү 16 өлкөдөн барган 38 акын катышып жатат. Бул жылы алтынчы ирет уюштурулган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Ирак, Македония жана Түркия мамлекеттеринин өкүлдөрү поэзия сүйүүчүлөргө ырларын окуп берүүдө. Фестивалдын алкагында Стамбул шаарындагы мектептерде, маданият үйлөрүндө окурмандарга акындар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Уюштуруучулар технологиянын өнүккөн убагында жаштарга аз да болсо ыр дүйнөсүн таанытууну максат кылышкан. Читать дальше...

Манафорттун иши боюнча АКШ прокурору 70 кишини сотко чакырууда

Azattyk.org 

Орусия 2016-жылы Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого кийлигишкен-кийлигишпегенин иликтеген АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер сот отурумуна 70 кишини чакырууда. Виржиния штатынын Александрия шаарында 10-июнда боло турган соттук отурумга чакырылгандар ал талап кылган айрым бир документтерди да көрсөтүшү керек. Бирок атайын прокурор кандай документтерди талап кылганы айтылган эмес. Сот АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорттун ишин карайт. Буга чейин атайын прокурор аны "алдамчылык"... Читать дальше...

Иран өзөктүк келишимди кайра карабайт

Azattyk.org 

Өлкөнүн тышкы иштер министри АКШ 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишим боюнча чечим кабыл алганы жаткан учурда ушундай жарыя кылды. Ал арада келишимге катышкан Европа державалары аны сактап калууга умтулганы менен АКШ келишимден чыккан учур үчүн даярдык көрө баштаганы кабарланууда.

ӨКМ чукул билдирүү таратты

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.  Анда 6-7-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал экени айтылат. 6-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден  Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетет. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаа каттамына... Читать дальше...



Москва

Приём подолога в Первом Даниловском медицинском центре


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Композитор

Композитор из рода Аксаковых. Часть 2




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Танцоры из Асбеста выступят в Москве

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России