Кабулдагы чабуул үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды
Расмий өкүлдөр билдиргендей, бүгүн Кабулда Ооганстандын Ички иштер министрлигине жасалган чабуулдун мизи кайтарылды. Атышуу башталганга чейин жанкечтилердин бири өзүн министрлик имараты жайгашкан аймактагы биринчи көзөмөл бекетте жардырып жиберген. ИИМдин өкүлү Дауд Аминдин айтымында, коопсуздук күчтөрү жалпысынан жети согушкерди жок кылды. Ал эми полиция тараптан бирөө мерт болуп, башка алты киши жаракат алган. Мунун алдында бүгүн Логар провинциясында жанкечтилердин тобу полиция бекетине кол салган эле. Читать дальше...