Өйдөгө өр тартып 10 чакырым чуркаган күлүктөр. Ала-Арчадагы жарыштын сүрөттөрү
29-апрель күнү "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында жөө күлүктөрдүн жарышы болуп өттү. Ага жергиликтүүлөрдөн сырткары 12 өлкөдөн келген спорт ышкыбоздору кошулуп, 700дөн ашуун адам катышты.