Кичине кызды Кыргызстандан алып кетүүгө аракеттенген испан жараны кармалды
10 жаштагы кызды Кыргызстандан мыйзамсыз алып чыгууга аракет жасаган испан жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматта окуя 1-майда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде болгону айтылат.
“Паспортту текшерип жатканда Испаниянын 50 жаштагы жаранынын кыймыл-аракети шектүү көрүндү. Ал “кыз да, өзүм да орусча билбейбиз” деп айткан. Бирок текшерүүчү суроо бергенде кыз орусча жооп берген. Териштирүү жүргүзүлүп, кыздын апасы ага чейин 10 жаштагы кызы жоголгону тууралуу арыз жазганы аныкталды” деп билдирди Чек ара кызматы.
Испаниянын жараны милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (RK)