АКШ КЭРдин Түштүк-Кытай деңизиндеги аскердик аракетине жооп кайтарат
Кошмо Штаттар Кытайдын Түштүк-Кытай деңизиндеги милитаризация аракеттерине сөзсүз жооп кайтарат. Бейшемби күнү Ак үй Бээжинге ушундай эскертүү жиберди.
АКШнын чалгын кызматынын кабарына караганда, Кытай жакында Түштүк-Кытай деңизинин талаштуу аймактарында өткөргөн машыгууларында өзү курган жасалма аралдарга кемелерге каршы зениттик ракеталарды жайгаштырган. Алар аскердик машыгуулардан кийин алынганбы же дагы эле турабы, белгисиз. Билдирүүдө "Спратли аралчасында ракеталык курал техникаларын калтыруу аймакты аскерлештирүүнүн айныксыз кадамы болуп эсептелет" деп белгиленет.
АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кемелерге каршы ракеталар 550 чакырым аралыкка чейин жетет.
Пентагон бейшембиде Тынч океандын соода жолдорундагы кемелердин эркин жүрүшүн камсыз кылуу зарыл экенин да белгилеген. Мамлекеттик департамент да билдирүү жасап, Кытайдын жетекчилигине талаштуу аралдарды аскерлештирүүдөн кармануу боюнча убадасына турууну эскерткен. "Wall Street Journal" америкалык аскерлерге таянып, Кытай өткөн айда Спратли аралчасына антирадарлык системасын орнотконун жазды.
Деңиздин бөлүктөрүн Кытайдан Филиппин, Вьетнам, Бруней жана Малайзия да талашып келет. Кытай деңиздин кеминде 90% бөлүгүн өзүнө таандык деп санайт.
Кытайдын Түштүк Чыгыш Азия боюнча коңшуларында, АКШда деңиздеги кан жол буулуп калбайбы деген камтамачылык бар.
Түштүк Кытай деңизинин маанилүүлүгүн талдоочулар ал аркылуу дүйнөлүк сооданын 40% жүрүп же жылына 5 триллион доллардык товар ташылаары, деңиз ошондой эле мунай-газдын коруна бай экендиги менен түшүндүрүшөт.