Путин кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады
![Путин кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады](https://gdb.rferl.org/699EFC1B-42B8-4E42-A6F3-188C499B8728_w800_h450.jpg)
Орусиянын президенти Владимир Путин Жеңиштин 73 жылдыгына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын жарандарын куттуктады.
“9-май – Орусиянын жана Кыргызстандын элдери үчүн ыйык майрам. Ушул күнү майданда баатырдык менен салгылашкан, оорукта каармандык менен эмгектенген, Мекенибизди жана бардык адамзатты фашизмден сактап калган аталарыбызга жана чоң аталарыбызга сый-урмат көрсөтөбүз. Алардын өлбөс-өчпөс эрдиги орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн жана шериктештигин мындан ары чыңдоочу бекем пайдубал болуп, кылымдар бою жашай берерине ишенем”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Жээнбековдун жана кыргызстандыктардын атына ушундай эле куттуктоо Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Нурсултан Назарбаев менен Шавхат Мирзиёевден да келди.
Бүгүн жер-жерлерде Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленип жатат. Бишкекте өткөн “Өлбөс полк” акциясына 30 миңден ашуун адам катышты. (КЕ)